www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министрлигинин жыл башында тик учагы кулаганда жабыркап, кийинчерээк Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн аскерлердин бири Кыргызстанга кайтып келгенин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

2024-жылдын 17-январында эртең менен Бишкектин батыш тарабында Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда №23565 аскердик бөлүктүн аймагына кулаган. Кырсыктан экипаждын 29 жаштагы командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. 3-февралда президенттик Ту-154 борту менен жарадар болгондордун экөө ЖЭБдеги жарылуудан күйүк алган үч адам менен кошо Түркияга дарыланууга жиберилген.

"Аскердик учкуч Б.М. Адана шаарында көпкө дарыланып, Түркиянын дарыгерлеринин сунушу менен ооруканадан чыгарылган. Ден соолугун толук калыбына келтирүү үчүн ал мекенинде реабилитациялоо курсунан өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Калган жабырлануучулардын да абалы жакшырып, жакын арада баары ооруканадан чыгарылмакчы. Аларга КРдин Башкы консулдугу жана Адана шаарында жашаган мекендештердин жардам көрсөтүп жатканы маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости