www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери борбор калаанын чет жактарын (Ала-Арча суусу, Аламүдүн суусу, ЧЧК, Түштүк Чоң-Чүй каналдары) өнүктүрүүнүн эскиздик концепциясын иштеп чыгышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, концепцияда Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жээктери аркылуу Боз-Бөлтөк жана Ала-Арча суу сактагычынын шаар четиндеги ири эс алуу аймактарын бириктирүү каралган.

"Шаардын суу жээктери жарандардын ыңгайлуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ландшафттар, архитектуралык-табигый элементтерин жана ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги суу жээктерин комплекстүү жакшыртуу уникалдуу рекреациялык аймактарды, ошондой эле санитардык нормаларды жана сууну коргоо талаптарын сактоого шарттарды түзөт.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости