www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Чүй облусунун тоо этегиндеги айылдарында сел жүрүп, учурда анын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Алсак, Он бир Жылга айылындагы Карагул капчыгайында сел жүргөн, жабырлануучулар катталган жок. Учурда абал туруктуу деп бааланып, суу каптаган жерлерде атайын техника иштеп жатканы айтылды.

Мындан тышкары, жаандан улам Бурана дарыясы ташкындап, суу жээгинен чыгып кеткен. Жаңы-Жол, Ак-Бешим айылдарында арыктар улам-улам тазаланып, көпүрөнүн айланасы иреттелип жатат. Бул жаздан берки суу каптаган экинчи учур.

Селдин кесепетин жоюу иштерине айыл өкмөттөрү менен райондук администрациялардын техникасы тартылган. Мындан тышкары, ӨКМ кызматкерлери да иштеп жатканы айтылды.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости