www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө жетекчиси буга чейин президенттик администрациянын комиссиясына прокуратуранын айрым кызматкерлери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин лицензиялоо боюнча комиссиясынын ишине кийлигишкени боюнча маселени карап чыгууну тапшырган. Бул фактылар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында айтылганы белгиленди.

Буга байланыштуу баш прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге кол алдындагыларды көзөмөлгө албаганы үчүн сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, Зулушевге орун басары Кубан Адил уулун ээлеген кызматынан бошотуу, дагы эки башкармалыктын жетекчиси Мирлан Майтпасов менен Авазбек Аликуловго сөгүш жарыялап, ротациялоо тапшырмасы берилди.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости