www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму (ЕККУ) толук дискредитацияланган жагдайдан кийин эксперттер евразиялык коопсуздуктун жаңы системасын түзүү жөнүндө ойлонушу шарт. Бул туурасында эл аралык маселелер боюнча эксперт, "Акыл-эстүү чечим" аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев Москвада "Евразия" эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча коммерциялык эмес уюмдун бет ачарында сүйлөп жатып билдирди.

"ЕККУнун толук дискредитацияланып жана туруктуулукка, тынч кырдаалга доо кетпейт деген нерсе жок болгондон кийин эксперттик коомчулукка евразиялык коопсуздуктун жаңы системасын түптөө, калыптандыруу жөнүндө ойлонууга учур келип жетти", — деген Усубалиев.

Ал учурда Евразияда ШКУ, ЖККУнун алкагында процесстер жүрүп жатканын белгилеген. Эксперттин пикиринде бул Евразиядагы коопсуздук боюнча жаңы системанын жүзү жана ал эл аралык тартиптин бир бөлүгү болуп калышы шарт.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости