www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында көмүр ташууга тендер өткөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин КИББдин маалыматы боюнча "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында көмүр ташууга тендер өткөрүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталды.

2023-жылдын жазында "Кара-Кече" көмүр кесиминен "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүү пунктуна чейин көлөмү 250 миң тонна көмүр ташуу үчүн тендер жүргүзүлгөн. Бирок, тендер өткөрүүдө Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуулар орун алган.

Анда тендердик табыштаманы кепилдик жактан камсыз кылуунун талаптарына байланыштуу бузуулар табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары жеке компания менен сүйлөшүп, ири суммадагы акчаны ыйгарып алышкан.

Мамлекетке келтирилген зыян 8 млн сомдон ашык. Жогорудагы факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан учурда бул фактыга тиешеси бар "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору М.М. кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ошондой эле КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн ("Кызмат абалынан пайдалануу менен алдоо") боюнча кылмыш иши козголду. Бул факт боюнча "Серен-Транс" ЖЧКсынын жетекчиси болуп саналган Ж.Т. кармалып, эки айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Балыкчы шаарынын жүктөө-түшүрүү пунктунан көмүр уурдоо фактылары аныкталды.

Бул кылмыш ишине "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын айрым кызмат адамдарынын жана "Нарын-Кен" ЖЧКнын жооптуу кызматкерлеринин катыштыгы бар. Бул факт 2023-жылдын май айында болгон, уурдалган көмүрдүн көлөмү 636,1 тоннаны түзүп, баасы 1 млн 923 миң сомдон ашуун суммага жеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекеттик кызматкерлер менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүү болгон. Бул факты борюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Кызмат абалынан пайдалануу менен алдоо) менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары "Нарын-Кен" ЖЧКнын жетекчиси Б.У. кармалып, Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бирок соттун токтому менен үй камагына чыгарылды.

Аталган фактылар боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы иликтөө жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости