www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруусу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатакка тиешеси жок. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматанын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, Коргонбай уулу өз каалоосу менен мандатын тапшырганын айрым маалымат сайттары башка нукка бурмалап чагылдырып жатышат

«Тактап айтканда, буга чейин эл өкүлү менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайым айтышканын, президент министрди коргоп чыкканын мисал кылып, анын мандатын тапшыруу себебине саясий боек беришүүдө.

Депутат Коргонбай уулунун мандатын тапшырганына министр Бейшеналиев экөөнүн ортосунда жаралган маселенин эч кандай тиешеси жок. Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин дагы, мындан ары дагы боло берет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Андыктан, депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү — өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу, Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатактарына такыр тиешеси жок», — дейт Орунбеков.

Эскерте кетсек, буга чейин Жусупбек Коргонбай уулу министр Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап чыккан. Министр анын айткандарын төгүндөп, депутатты сотко бергенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маектеринин биринде Коргонбай уулунун айткандарына кайрылып, министрдин акча жегени аныкталса, ал жазага тартыларын билдирген. Кийинчерээк маекке толуктоо киргизилип, президенттин депутаттын айткандары ырасталбаса, ал да тиешелүү жазага тартылары тууралуу билдирүүсү кошулган.

22-апрелде Коргонбай уулу БШКга мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу тууралуу арыз жазып, 23-апрелде БШК аны мандаттан ажыратты. Коргонбай уулу мандатын тапшыруусуна эмне себеп болгону тууралуу үн каткан жок. Бирок коомчулукта Жусупбек Коргонбай уулу «министр менен болгон тирешинен улам  мандатын тапшырды» деген божомолдор айтылган.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости