www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында техникумдун жетекчиси мыйзамсыз менчиктештирип алган жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, А.С. аттуу жаран Ош айыл чарба техникумун жетектеп турганда, окуу жайга таандык 266 чарчы метр жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган (дареги: Мухтар Нургазиев көчөсү №3). Кийин ал жерге 647,28 чарчы метр болгон 4 кабаттуу үй салган.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен аталган жаран 4 кабаттуу үй салынган жер тилкени мэриянын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Бул үй 50 млн 241,1 миң сомго бааланган.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо иштери уланып жатканын билдирди.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости