www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барган Садыр Жапаров Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарларды.

Билдирүүдө мамлекет башчыны аба майданынан Азербайжандын вице-премьери Шахин Мустафаев тосуп алганы айтылды.

Эки күндүк сапардын алкагында өлкө башчы Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү айтылган. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда. Анын жыйынтыгы боюнча, кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Президенттер Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышары кошумчаланган.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости