www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Президенттер Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев тар курамдагы жолугушуудан кийин бүгүн Баку шаарында Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык rеңешинин (ЖМАК) экинчи жыйынын өткөрүштү.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, мамлекеттик сапардын жыйынтыктары өлкөлөрдүн жана элдеринин ортосундагы бир туугандык, достук мамилелерди мындан ары бекемдей турганына ишеним билдирди.

Азербайжандын президенти кызматташтыкты өз ара аракеттенүүнүн эки жактуу жана көп тараптуу форматтарында өнүктүрүүгө карата эки өлкөнүн мамилесинде толук бирдейлик байкаларын баса белгиледи.

Ильхам Алиев ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин өкүлдөрү тыгыз байланышта болуп, активдүү өз ара аракеттенишип, эки тарапты кызыктырган бир катар маселелер боюнча үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүп турарын ырастады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, өз кезегинде, Ильхам Алиевге жылуу сөздөрү жана салттуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул сапар эки өлкөнүн мамилесин тереңдетүүгө чоң түрткү берип, ал эми бүгүн кол коюлган документтер кызматташтыктын кеңейишине өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан менен Азербайжандын бардык тармактарда иш жүзүндө кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи. Садыр Жапаров бир тууган мамлекеттердин ортосундагы мамилелер бекем пайдубалга негизделгенин — бул биздин элдерибиздин ортосундагы терең тарыхый жана руханий байланыштар экенин баса көрсөттү.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан кызматташуунун учурдагы жана келечектеги механизмдеринин алкагында өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстан менен Азербайжандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, энергетикалык жана айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташуусунун абалы жана келечеги тууралуу баяндамаларын угушту.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости