www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-апрелде “Женевадагы түрк жумалыгынын” алкагында Кыргыз Республикасынын Элчиси  О.Султановдун төрагалыгы алдында БУУнун Улуттар сарайында “Түрк кызматташтык уюмдары: бириккен мурас, алдыга аракеттер” аттуу конференция  болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери катышты:  ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы С.Раев, Түрк академиясынын Башчысы Ш.Мустафаев, Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун Башчысы А.Райымкулова, Түрк тилдүү мамлекеттердин маданияты жана мурасы боюнча эл аралык фонддун Катчысы К.Яман, ТүркПАнын (Түрк Тилдүү Өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы) укуктук маселелер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясы жана Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары О.Кожаман.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар түрк мамлекеттеринин илим, билим жана маданият тармагындагы тыгыз өз ара аракеттенүүдөн тартып, укуктук маселелер боюнча мыйзам чыгаруучу институттардын кызматташуусуна чейинки кеңири тармактагы биргелешкен аракеттеринин мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты. Учурда ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылып жаткан түрк эл аралык демилгелерине өзгөчө басым жасалды. 

Конференциянын соңунда Женевада бардык түрк мамлекеттеринин маданият чеберлеринин катышуусунда ТҮРКСОЙдун концерти болуп өттү.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости