“Ал Айтматованын жолдошубу? Мен билген эмесмин”. Кытайлык бизнесмендин адвокаты басма сөз жыйынын токтотуп койду
Кылмыш жана кырсык  |   |  547

Кытайлык ишкер Мутайлифу Маймайтяминг Ширин Айтматованын жолдошун “Коопсуз шаар” долбоору боюнча алдамчылыкта айыптоодо. Бул тууралуу анын адвокаты Аскар кызы Жанара басма сөз жыйынында билдирди.

Адвокаттын айтымында, кытайлык Мотайлифу Маймайтяминг "Сяньвинь" аттуу компаниянын өкүлү иретинде  “Коопсуз шаар” долбоорунун тендерине катышуу үчүн келген. Бишкекте Сыргак Кенжебаев менен таанышып, ага алданып 350 миң $ жана  паспортун  алдырып койгон. Ошондой эле Кенжебаев 250 миң $ да талап кылган. Бир ай мурда кытайлык ишкер Маймайтяминг адвокатка Кенжебаевге каршы ишти алып баруу үчүн кайрылган.

“Ишкер тендерге катышуу үчүн былтыркы жылы келген. Кыргызстанда ЖЧК болуп, инвестор катары каттоого турган. Кенжебаев менен түркиялык Аскар аттуу киши тааныштырган. “,-дейт ал.

Журналисттер Кытайдын жараны эмне үчүн ИИМге кайрылбай  түз УКМКга кайрылгандыгын сурашканда адвокат:” Биз бул ишти резонанстуу иш деп эсептедик, анын үстүнө коргоомдогу кишиге Кенжебаев ИИМде достору иштээрин айтып, ишкерди өлкөдөн депорт кылдырып жиберем деп коркуткан. Ошондуктан ал УКМКга кайрылууну чечкен”,-деп жооп берди. 

Далил катары, Кенжебаев жана кытайлык ишкердин ортосунда кол коюлган документтер бар.

Журналисттер эмне үчүн бул окуя эми чыгып жаткандыгын жана Ширин Айтматованын ишмердүүлүгүнө тиешелүү эместигине кызыгып сурашканда адвокат сөз Айтматованын жолдошу жөнүндө болуп жаткандыгын билбегендиги такталды.

”Мен бул ишке аралашып калгандыгыма байланыштуу басма сөз жыйынды токтотууга мажбурмун”,-деп өз сөзүн жыйынтыктап койду.
 Адвокаттын айтымында, ал Ширин Айтматова менен жеке тааныш болгондугуна байланыштуу басма сөз жыйынын уланта албашын билдирди. Адвокат журналисттерге Кенжебаев менен кытайлык ишкердин ортосундагы түзүлгөн келишимди сүрөткө тартууга уруксат берген жок жана кийинки кадамдары тууралуу айтуудан баш тартты.

https://www.facebook.com/kaktus.kyrgyzstan/videos/1361578760689379/

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями