Алтын куйма алгандар аны кайра өткөрүп бере алат
Коом  |   |  393

Алтын куйма алгандар аны кайра өткөрүп бере алат, баасын Улуттук банк бекитип, күн сайын өзгөртүп турат. Өлкөнүн негизги банкы 221 килограмм алтын куймаларын сатып, кайра 125 килограмм алтынды сатып алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине   Улуттук банктан маалымдашты.

Маалыматка караганда, аталган банк 2015-жылдын 7-майынан тарта алтын куйма сатып, кайра сатып ала баштаган. Мындай аракеттердин максаты чет элдик валюталар гана эмес, баалуу металлдар менен да иш алып баруу болуп саналат. Алтын куймаларды алгандар аны кайра өткөрүп бере алат. Сатуу жана сатып алууда баа күн сайын өзгөрүп турат.

"2015-жылдын май айынан 2019-жылдын 10-декабрына чейин 633,1 миллион сомго бааланган 221,2 килограмм алтын сатылды", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, ушул мезгил аралыгында Улуттук банк 362,3 миллион сомго 124,9 килограмм алтын куймасын сатып алган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями