Бажыны бажарган Торутаев “томого” кийип алганбы?
Саясат  |   |  462

Адамды кызмат өзгөртөт окшобойбу. Өзгөчө кыргыздарды бажы тармагы өтө өзгөртүп, чалчактатып жиберээри жалпыга маалым. Алсак ушу тапта Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаевдин кадрдык журүштөрү кызуу жүрүүдө. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөгөнү менен башкы кызыкчылыктар аткарылып атат да. Дегенибиз, Алтынбек мырза жетекчи болуп келгени майлуу-сүттүү орундарга өз кадрларын дайындап атканы боюнча узун сабак кептердин учугу чыкты. Албетте, аталган алмаштыруулар тармакты жакшыртуу деген көшөгө менен жабылып жатканы ырас. Арийне, анын артында кызылдай эле соода жүрөөрү да маалым эмеспи. Бажы башчы бул тармакта орун сатуу боюнча «башкы соодагер» болгону коомчулуктун талкуусуна айлана баштады. Бул боюнча өзү менен байланышып тактайлы деген аракетибизден майнап чыккан жок. Балким окуп калса, өзү байланышып коет чыгар. Же Алтынбек мырзанын айтаарга анчейин деле сөзү жокпу? А мүмкүн томого катылган бүркүтчөсүнөн бул мырза да байлыктан башканы көргүсү келбей калгандыр. Бажы тармагы өтө кирешелүү тармак экендигин эске алганда Алтынбек Элимович деле май-талкандын үстүндө майкандап атканы жашыруун эмес да. Туурабы? Айрыкча кадр алмаштыруу менен бир келген мүмкүнчүлүктү пайдаланып калса жаманбы? Өмүр бою жетекчи болуп олтурмак беле, төрага болуп турганда алынын жетишинче байлык топтоп алсын да. Бул жагынан караганда, туура түшүнүп коюш керек го...

Булак: "De-Факто"

Поделитесь с друзьями