БОЛГОН ОКУЯ: Белгилүү тамырчы. Ант
Турмуш  |   |  955

Бүгүнкү күндө тамырларын кармап ооруларды айыктырган же өткөн чак менен келечегин туура айткан тамырчылар дээрлик жокко эсе. Бул кишини мен чындыгында бала кезимде көрүп калдым. Буурул сакалы бар, дайыма шашпай, жай басыл жүргөнүн көрчүмүн. Сүйлөгөндө да салмак менен жай сүйлөчү. Аны айылыбыздагы элдин бардыгы "тамырчы Жумабай" деп чакырышчу. Ал мезгилде ага анча деле маани берчү эмесмин. Көрсө, ал элдин колун кармап, тамырынын согушу аркылуу келечегин айтып, ооруса эмнеси ооруп жатканын, кандай дары-дармектер керек экенин өз кеңешин берчү экен да. Улуу болобу, кичүү же жаш бала болобу, биринчи өзү озунуп "Атсалоом алейкум" деп салам берчү. Кичинекей балдарга салам берип жатат деп күлкүм келе берчү. Уулу Өмүрбектин айтуусунда, ал мурун бүркүтчү, көзгө атаар мергенчи болуптур. Кандайча тамырчы болуп кеткени да кызык. Үйлөнө элек жигиттик курагы экен, айылдын четинде кой кайтарып жүрүп, дөңдүн башына чыгып көзү илинип кетет. Бир кезде көзүн ачса, тээ алыс жакта бирөө өзүн карай катуу ат чаап келатыптыр. Ал ушунчалык катуу күү менен келаткандыктан, мени уруп кетеби деп коркконунан жерге бөк түшө жата калат. Дал эле түбүнө келген атчан ага нааразы боло "Ие, уулум, сен мени тике тосуп чыгат экен десе, коркуп жата калганың эмнең? Жигит деген тике карап жүрүшү абзел. Бардык нерсеге коркпой тике караш керек. Жумабай башын көтөрө калып караса, ак сакалчан киши турат.

- Мен өмүр бою тамырчы болуп жүрүп көзүм өткөн. Артымдан жолум жолдогон эч ким жок, эми сен тамырчы болушуң керек, келе берчи колуңду, -деп ал Жумабайдын билегин кармап, тамырын текшерип көрөт. Ошондо ал кызыктыдай абалда боло, өзүнөн өзү эле башы тегерене баштайт. Чочуп ойгонуп кетсе, мурункудай эле дөбөдө уктап жатыптыр. Айланасын караса, эч ким жок, алиги аксакал карыянын да карааны көрүнбөйт. Койлор болсо эбакта эле чубашып төмөн карай жылып айылга жакындап келип калыптыр. Тээ төмөн жакта энеси "Ай- уу-й, Өмүш, төмөн карай түш, карасаң койлорду айылга коё берип өзү уктап жатканын" деп колун булгалап коюп кыйкырып урушуп жатыптыр. Ошондон кийин ал элдин колун, тамырын кармагысы келе баштайт. Кошунасы Эрмегалы көп күндөн бери катуу ооруп төшөктө жаткан. Чакырбаса деле ошонун үйүнө барып, анын маңдайына келет да, "колуңузду бери бериңизчи" дейт. Оорулуу киши аны анча жактыра бербей карап калат. "Колуңузду бери бериңизчи, эмнеңиз ооруп жатканын, эмне дары чөп керек экенин айтып берейин" дейт. Ага анча көңүлсүнбөй колун сунат, кошуналары да анын жоругун жактырбай кабыл алышат. Эрмегалынын колунун тамырын бир аз кармап турган соң, кайсыл жери ооруп жатканын, кантип дарылануу керектигин айтып берет. Ага эч ишенбей коюшат, бирок ошентсе да анын айтканын не бар, не жок деп жасап көрүшөт. Эрмегалы бир жумага жетпей куландан соо болуп туруп басып кетет. Ошондон кийин айылдыктар ага акырындап келе башташат. Ал элдин кол тамырын кармап туруп эртең эмне болоорун алдын ала айтып койчу экен. Көпчүлүгү анын айткан кеңеши менен дарыланып айыгып кетишчү. Ал катуу ооруп жаткан адамдын колун кармап көрүп айыгабы, айыкпайбы дароо эле билип, сыртка чыкканда бир туугандарын же жакын жек-жааттарын чакырып алып, "бул кишинин көзү эртең же бүрсүгүнү өтүп кетет, даярдана бергиле" деп алдын ала айтып койчу дешет, аны көргөндөр. Тамырчы Жумабай доктурлардан дагы тапатак диагноз чыгарчу экен. Ал ошол себептен тамырчы Жумабай аталып жүрүптүр да. Кийин көзү өтөөрдө айтыптыр, "менин жолумду жолдогон уулдарым болгон жок, эми үч же жети ата өткөндөн кийин болот" деп. Чын эле азыр анын балдарынан эч кандай өнөр чыккан жок, ичкилик ичкенден башка. Балким, Жумабай тамырчы өзү айткандай кийинки муундарынан бир нерсе чыгып калар?

М.КЕЛДИБЕКОВ, Ысык-Көл областы

Булак: “Сырдуу дүйнө”

Поделитесь с друзьями