Депутаттар “Сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү» долбоору боюнча демилгесин жактырды
Саясат  |   |  534

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасы жана Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү» долбоорун каржылоо боюнча кредиттик келишимди жактыруу жөнүндө» КР Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат суу тармагын өнүктүрүүгө багытталган «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү» долбооруна жалпысынан 59,5 млн доллар бөлүнөт, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 5 жыл. Анын ичинде, Ислам өнүктүрүү банкынын каражаты – 20 млн доллар. Жеңилдетилген насыя 25 жылдык мөөнткө 1,5 пайыздык үстөгү менен берилүүдө.

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун экинчи этабында Сауд фонду 30 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлөт. Ал эми Кыргызстан долбоорго 8,9 млн доллар кошууга тийиш.

Долбоордун биринчи этабында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы сугат объектилери курулат. Андан тышкары, Үч-Коргон, Шамшы, Түгөл-Сай сууларында 4 суу сактагыч курулууга тийиш.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями