Элдар Абакиров, Экономика министринин мурдагы орун басары: “Көмүскө экономиканы жеңүү боюнча жакшы идеялар колдоого алынбай койду”
Экономика  |   |  1345

Чет жактардан тажрыйба топтоп келген, экономика министринин мурдагы орун басары кызматын аркалаган мыкты жаш кадр Элдар АБАКИРОВ себепсиз иштен кеткенине бир нече айлар болду. Экономика министрлигинде иштеп, иштин көзүн билген эксперт көмүскө экономиканын сырлары, себептери учурдагы экономикалык абал боюнча кенен ой бөлүштү.

-- Элдар мырза, алгач көмүскө экономика менен көмүскө эмес экономиканын айырмасы тууралуу кененирээк түшүндүрмө бере кетсең?

-- Көмүскө эмес экономика – бул товар болобу, акча болобу, баары ачык чуркайт. Кааласа салык органдарынын сайты аркылуу бул акча бар экенин билсе болот. Андан канча салык алынды, канчасы бюджетке түштү – баары белгилүү. Көмүскө экономиканын эң башталышы биздики негизи чек арадан башталат. Анткени биз импортко байланган өлкөбүз. Бизде импорт экспортко караганда 3-4%га чоң. Бир нерсени адам колдонуш үчүн, кийиниш үчүн, же азыктаныш үчүн “ал товар кайдан келди?” деген суроо жаралбай койбойт. Эгер ал товар Кыргызстанда өндүрүлсө, өндүрүш үчүн алгач чийки заттар колдонулат. Кен байлыкка же айыл чарбасына байланыштуу болот же сырье сырттан келет. Сырье деген Кытайдан же башка өлкөлөрдөн келип, анан ал нерсе жасалат. Ошол сырье келе жатканда канчалык ачык келет, чек арадан өтүп жатканда бул товар канчалык денгээлде ачык кириши мүмкүн. Ал жандык, же азык түрлөрү жасалчу ун болушу ыктымал.  Чындыгында миң доллар турса, ал товар миң доллар деп чек арадан өтcө, 10%ы бажы төлөмү катары алынышы керек. 7-8-10% болуп товарга жараша өлчөмдөрү бар. Андан 100 доллар бажы төлөмү, 12%ы кошумча нарк салыгына алынышы керек. Ошондо ар бир 1000 доллардан 240 доллар бюджетке төлөнүшү керек. Анын 100 долларын ЕАЭБге киргенибиз үчүн бажы төлөм катары ал жактын казынасына түшөт. Бирок, ал акча кайра эле өзүбүздүн бюджетибизге которулат. 30-40% акча жөнөтсөк, кайра эле ошол сумманы алабыз. Бул акчалар бюджетке түшүп, мугалимдердин айлыгы, мектеп, бала бакча, бейтапкана кызматкерлеринин айлыгы, Кыргызстандагы курулган жолдор, биздин чек араларды кайтарууга кете турган акча. Демек, ушул акчалардын баары түшпөй калса, бюджетке чоң залакасы тийет. Мектеп курулбай калат. Азыр билим берүү министрлигинин сайтында илинип турат, учурда 202 мектеп жараксыз абалда. 600 мектеп жетишпейт. Жалпысынан 800 мектеп өлкөбүзгө жетишсиз деген сөз. Демек, жалпы 3%дын 1%ы жетишпейт экен. Бул өтө коркунучтуу абал. Айрыкча Бишкек, Ош калааларында бул чоң көйгөй. Демек, “көмүскө экономика аркылуу ошол курула турган мектептердин акчасы уурдалып жатат” деген сөз. 

Эл “көмүскө экономика” деп жеңил сөз катары кабыл алышат. “Эмнеге балдар жумуш таба албай жатат? Эмнеге кыйналып жатат?” дегендин ары жагын ойлонбойт. Биздин географиялык турган жерибизди кээ бирлер оор, океанга чыгыш кыйын (!) деп айтышат. Бирок транзиттик Кытайдан келген товарлар өткөнгө өтө ыңгайлуу. Кытай бүгүнкү күндө соода боюнча океан. Товарлардын океаны. Биз аркылуу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга өтөт. 

Ошол транзиттик потенциал бизде башынан эле бар. Бирок, ар дайым транзиттик потенциал бюджетке колдонулбай, ортодон коррупция болуп башкалар колдонуп келет. Буга мисалы бажы органдары кирет. Акаевдин убагында “Кошелек” деген бар деп укчубуз. Андайлардын улам кийинки мууну пайда болууда. Ошентип ар убак балдарыбыздын ырыскысы, Кытайга болгон карызыбызды төлөй турган акчалар бюджетке түшпөй, бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп, ошол аркылуу чоң көмүскө экономика жаралып жатат. 

-- Көмүскө экономиканын схемасын дагы тереңирээк чечмелесең?

-- Бир фурада 50 миң долларлык товар болсо, алар “10 миң долларлык товар” деп көрсөтөт. Мисалы, ал жерде уюлдук телефон болсо, аны жазбай арзан товардын атын жазып көрсөтүшөт. Кээ бир учурда жөн гана “топурак” деп жазып койгон учурлары болот. Ошондо 50 миң доллардан 10%ы үчүн 5 миң доллар бюджетке түшүшүнүн ордуна алар арзан товар көрсөтүп, бюджетке 1-1,5 миң доллар гана түшүп калат. Ортодо аны өзгөртүп берген чөнтөктөргө акча салат. Товарга жараша өздөрү сүйлөшүп алып, бюджетке түшө турган акчалар түшпөй калат. Биз муну 20-30 жылдан бери түздөй албай келебиз. Бул системаны жеңе албай келе жатабыз. ЕАЭБге киргенден кийин да Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн келген товарлар боюнча көйгөй көрүнүп калды. Анткени ЕАЭБге киргенге чейин бизге 400-500 вагон тактай Орусиядан келчү экен. Кийин карасак ал тактайлар статистикада жок. “Кай жакка жоголуп кетти?” деп изилдеп көрдүк. Көрсө, Луговойдон түшүп, анан жүк ташуучу унаалар менен кирип кетишет экен. Алар билинбей өтүп кетет. Кыргызстан тактай колдонбой калгандай көрүнүш болуп калууда. Бул – көмүскө экономика. 

Көмүскө экономикада товар чек арадан фиксациядан өтпөй калса, аны Кыргызстандан фиксациядан өткөрүү өтө кыйын. Анткени ал базарларда каалагандай сатылат. Аларды көзөмөлдөө кыйын. Албетте, фиксализация кылып, онлайн кассалык аппараттарды коюп, чек киргизип, ар бир товарга маркировка киргизип, көзөмөлгө алалы деген ойлор бар. Бирок, аны ишке ашырууга бир топ убакыт бар. Эл менен базарчылар менен тил табышыш керек.

Эң жеңил жолу – чек арадан товар кирип жатканда жакшы көзөмөл коюу керек. Негизи экономика министрлигинде иштеп турган убакта “Ак Тилек” пунктуна онлайн камераларды коёлу, ал толугу менен биздин салык органдарынын базасы менен синхронизация болуп, ар бир кирген товарды камера аркылуу текшерип, салык төлөнсө унчукпай өткөрүп, төлөнбөсө ал фураларды текшерүүгө киргизип, салыкты төлөттүрөлү” деген идеяны айтып, эки жыл бою ишке ашыра алган жокмун. Азыр дагы ишке ашкан жок. Бул акырындап башка баардык чек араларга орнотулмак. Кыргызстанга ар бир келген товар көлөмү билинип калмак. Эмне товар, канча салык төлөндү – баары ачыкка чыкмак. 

-- Бул идеяны ишке ашырууга кандай тоскоолдуктар болду?

-- Чоң деле тоскоолдуктар жок болчу. 4-5 млн. сомго программалар жазылмак. Аны салык органдарынын програмисттери жазмак. 4-5 млн. сомго камера коймокпуз. Ал токтомду өткөрүүгө кайра-кайра аракет кылдык. Бирок, өтпөй койду.  Көмүскө экономиканын көйгөйүн чечүүнүн эң жеңил жолу ушул болчу. Сырттан келе жаткан товардын салыгын ошол жерден эле алып койсок, ошол аркылуу бюджетибиз толуп, билим берүү, медицина тармагындагы көйгөйлөр чечилип, бир топ өзгөрүүлөр болмок. Атайылаппы же андай эмеспи, айтор, ишке ашыра албай келебиз. Бир жагынан кайдыгерлик, бир жагынан айрым кызыкчылыктарга туура келбейт. 

-- Азыркы өкмөт 2019-20-жылдардын бюджетин кабыл алды. Мурда экономика министрлигинде иштеп келгендиктен кемчиликтер, балким жалган цифралар даана көрүнсө керек?

-- Буга жалгыз азыркы өкмөттү же Абылгазиевди күнөөлөгөнгө негиз жок. Бул жалпы өлкөнүн трагедиясы болуп жатат. Бизде азыр кызматта отурган аткаминерлердин 70-80%ы бир жагынан кайдыгер, бир жагынан бир нерсе кылайын десе үмүтү өчүп калган. Жакшы демилгелер өтпөйт. Бул системаны тезинен реформа, кадрларды жаңыртуу аркылуу ишке ашырбасак болбойт. Менин оюмча, Грузиянын реформаларынан үлгү алып иш жүргүзбөсөк, экономикага өкмөттүн жарыгы тийбей жатат. Көп жерлерде негативдүү факторлор болууда.

-- Мисалы, сага окшогон чет жакты көргөн мыкты кадрларды алып калбай, иштен шыпырып түшкөнү өкүнүчтүү...

-- Биз колдон келишинче иштеп бердик. Көргөн адамдар айтаар. Бир топ иштер ишке ашты. Экспортту сыртка чыгаруу прораммасын ишке ашырдык. Айыл чарбаны насыя менен камсыздоо максатында 3-4 программаны бекиттик. Мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча жаңы мыйзамды кабыл алдык. Айтор, көп эле жакшы иштер ишке ашты. Алдыда аткарылчу дагы көп идеялар бар болчу. Негедир бизди иштен кетиришти. Убагында түшүнбөй, “иштен бир калпыстык кеттиби?” десек, “жок, жакшы иштеп бердиң” деп эле кетирип коюшту. Балким, өз адамдарын койгонго туура келдиби, же кайсы бир кыймылдардын кызыкчылыгына туура келбеген иштер болдубу, айтор, ал жагы түшүнүксүз бойдон калды. 

(Уландысы бар)

P.S. ЕАЭБ биримдиги, учурдагы өлкөбүздөгү IT абал, муундар трагедиясы ж.б. боюнча суроолорубузга болгон жооптор менен гезитибиздин кийинки санынан тааныша аласыздар.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: "АЗИЯnews" 

Поделитесь с друзьями