Орусияда “Мекенчилдер” авиакырсыктан жапа чеккендерге 320 миң рубль жөнөтүшөт
Миграция  |   |  4560

Бүгүн, 22-январда Москва шаарында 3 миңден ашуун “Мекенчил” жердештерибиз чогулуп, авиакырсыктан кайтыш болгондордун туугандарына жардам катары 320 мин рубль акча чогултуп, Кыргызстанга жөнөтүүгө камданышууда. Бул тууралуу маалыматты жеринен Канат Акылбеков билдирди.

Эске сала кетсек, учурда РФда 2 млнго жакын кыргыз мигрант болсо 1 млнго жакыны Москва шаарында жана Москва облусунда жайгашса, калганы РФнын аймактарынан орун алган. Ал эми 532 миң кыргыз орус жарандыгын алган. Кыргыз мигранттарынын көпчүлү кара жумуш менен менен алактенет.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями