www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын чыгаан уулдарынын бири, тайманбас, сөзүндө бекем турган, чыныгы генерал Молдомуса Конгантиевдин жубайы каза тапты. Маалыматтарга таянсак, Молдомуса Конгантиевдин жубайы Таластагы 2010-жылдагы кандуу каргашалуу окуяны сыналгыдан көргөндөн кийин эс-учун жоготуп, кайра өзүнө келген эмес.

“Муса, жубайын 10 жылдан бери алпештеп карады, даарылатпаган жери калбады. Мен бир эле сөздү айтып кетейин, кыргыздын жигиттери Мусадай аял затын сыйлаганда, көп аялдардын көз жашы төгүлбөйт болчу. Мусанын аял затынын барктаганын, баалаганын, урматтагынын, сыйлаганын көрүп көзүмө жаш алдым. Бир күндүк эскерүүнү элдин эсине салайын, Мусанын жубайын туулган күнүндө көрүп калдым. Так силер көрүп турган сүрөттөгүдөй...

Азыр Мусаны түшүнүп турам, кайрат кылат. Ал бекем инсан, аны менен сыймыктанам. Кесиптик жагынан ала турган болсок, чыныгы генерал деп Мусаны айтса болот, өзүнүн жеке жашоосу турмак, ажалга тике караган кыргыздын мыкты жигити!” – деп эскерди Молдомуса Конгантиевдин жакын досу.

Белгилей кетсек, ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер министрлигинин өздүк курамы 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп иштеген, милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин өмүрлүк жары Базаркуль Нурбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Молдомуса Ташболотович, өлүм менен эч ким күрөшө алган эмес, сабыр кылыңыз. Жубайыңыз Базаркуль апанын жаткан жери жайлуу, топурагы торко, арты кайрылуу болсун! 

NazarNews маалымат агенттигинин жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости