Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз Ата” партиясынын төрагасы: “Садыр Жапаров саясатта өз орду бар, такшалган демократ”
Саясат  |   |  744

Т. Келдибаев: Туура эмес чечим чыгарган соттор сот жообуна тартылышы керек.

- Садыр Жапаров саясатта өз орду бар такшалган демократ, чынчыл, кадыр барктуу саясатчы экендиги белгилүү. Садыр Жапаровдун түрмөдө отурушу, соттолушу боюнча аны күнөөлүү деп табылышына далилдер жетпейт. Ошого карабастан сот жообуна тартылып, соттолуп кетти. Акыйкаттык эртеби, кечпи болот. Бирок өзү, үй-бүлөсү жабыр тартып жатат. Бизде чоң саясатта жүргөн адамдын укугу тебеленип жаткандан кийин башка бей-бечаранын укугу сот адилеттүүлүгү болот деген ишеним жок болуп жатат. Күнөөсүздөр түрмөдө отурбашы керек. Туура эмес чечим чыгарган соттор сот жообуна тартылганда гана адилеттүү чечимдер, өкүмдөр чыгат.

Булак: “Майдан. kg”

Поделитесь с друзьями