Турат Мадылбеков, экс-депутат: “Жаңы кодекстердин чийки жактары көп, сунуштарымды президент, спикер, премьер-министрге жолдойм”
Маек  |   |  559

-- Турат мырза, кодекстерге жаңы өзгөртүүлөр киргизилгени бир жыл болуп калды. Күнгөй-тескей, жаман-жакшы жагына токтолсоңуз?

-- Үстүнөн түштүңүз. Мен да ушул тууралуу ойлорум топтолуп калган эле. Албетте, жакшы жактары жок эмес. Аны коомчулук билип, көрүп атат. Мен тескей жактарына токтолоюн. Акыркы убактарда жөнөкөй жабырланган адамдарга жардам берүү менен бирге, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен маектешүү учурунда 2019-жылдан баштап жаңы кирген кодекстерде бир топ кемчиликтер бар экенине күбө болуп келем. Аларга тез аранын ичинде өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды киргизүү керек экенине ынанып турам. Тагыраак айтсам, тергөөчүлөр, ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмыштын, жоруктардын бетин ачууда бир топ кыйынчылыктар жаралып жатканын, ошону менен бирге жабырлангана адамдардын нааразычылыктары пайда болуп атканына күбөмүн. Убакыт көрсөткөндөй, кылмыштуулук менен ачык түрдө күрөшүү – кылмыштуулуктун өсүшүнө жана криминогендик абалдын курчушуна жол берилүүдө. Ошого байланыштуу ыкчам иликтөө ишмердүүлүк бүгүнкү күндө мыйзам менен бекитилип, өзүнчө статуска ээ болушу аябагандай зарыл экендигин айтсак болот. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө ачык жана ачык эмес ыкмалар болушу абзел. Андайсыз жарандардын укугун, эркиндигин жана мамлекеттин коопсуздугун толук кандуу камсыз кылуу кыйынга турат. 

-- Мисалы...

-- Жаза-процессуалдык кодекстердин (ЖПК) беренелеринде аталган кылмыштардын бетин ачуу үчүн ыкчам иликтөө кызматкерлерине эч кандай мүмкүнчүлүктөр каралган эмес. Ички иштер органынын (ИИО) ыкчам иликтөө кызматкерлеринин колу-бутун байлап койдук десем жаңылышпайм. 

-- Сиз жаңы кодексттер боюнча айтып атасыз да?

-- Ооба, ЖПКнын 37-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, ИИОго коюлган милдеттерин аткарууда кылмыштын жана жоруктардын алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу толук кандуу аткарууга жол бербейт. 

-- Сунушуңуз барбы?

-- Бар. Кылмыштын, жоруктардын алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачууда ыкчам иликтөө чаралар көрүлөт, андан тышкары, атайын тергөө амалдары боюнча далилдерди чогултуу, кылмыш жасаган адамдарды аныктоо, издөө иш-чараларын жүзөгө ашырат. “ЖПКнын 148-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестирге маалымат түшкөндөн кийин башталат” деп турат. А бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселе тергөө тобу окуя болгон жерге барганда КЖБРге каттабай туруп тергөө амалдарын жүргүзө албайт. Жүргүзүш үчүн бир канча чакырым алыстыкта турган райондун ички иштер бөлүмүнө келип каттап, кайра окуя болгон жерге барууга туура келет. Бул көйгөйдү чечиш үчүн төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. “Сотко чейин териштирүүнүн башталышы, кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине маалымат түшкөндөн кийин эмес, окуя болгон жерге барып, биринчи тергөө амалдарын жүргүзгөндөн баштап, анан КЖБРге түшүрсө болот” деп сунуштайм. 

-- Жаңы кодексте “10 миң сомго чейин” деген жери бар эмеспи, буга сиздин оюңуз?

-- Учурда Кыргызстандын ар бир аймактарында, ошол эле ордо калаабыз Бишкекте бизге билинбеген ар кандай кылмыштуу топтор түзүлүп, алар карактап, тоноп, бейкүнөө жарандарды өлтүрүп, мүлктөрүн тоноп жүргөн чөнтөкчүлөр көбөйүп баратканын статистика көрсөтүп турат. Бишкек шаарында эле күнүнө 20-25 факты катталат. Ал эми катталбаганы эки-үч эсе көп. Себеби эмнеде? Себеби 10 миң сомго чейин уурдаса чара көрүлбөй кете берет. Ошол себептен чөнтөкчүлөр мектеп окуучулардын уюлдук телефондорун уурдаган фактылар көбөйүп кетти. ЖПКнын 90-беренесине ылайык КЖБРге жорук болуп кирет дагы, чөнтөкчүлөргө канча жолу уурдаса дагы эркинен ажыратуу чарасы каралбаган. Чөнтөкчүлөр аны сезишип, кайра-кайра уурдаганын улантууда. 

-- Бул мыйзамдын ошондо эмнеси эске алынган эмес?

-- Чөнтөкчүнүн билип туруп кылмышка баратканы болуп атат. Ал канча өлчөмдөгү акча каражатын уурдарын билбейт. Бирок, анын ой-максаты уурулук экенин эске алыш керек болчу. Ошол себептен чыгымдын өлчөмүнө карабастан коомдук коркунуч жаратканын эске алып, 200-берененин 2-бөлүгүнө кошумча пункт кылып киргизүү зарыл. Ал эми ЖПКнын 219-беренесин таптакыр алып салууну сунуштайм. Себеби, атайын тергөө аракети жүргүзүлгөндөн кийин кат түрүндө тергөөчү кабарлоого тийиш. Тагыраак айтканда, шектүү адам ыкчам иликтөө ишмердүүлүгүн конфиденциалдуу методдору боюнча маалымат алат. Андан тышкары, изин жашырып кеткен учурлар да көбөйүүдө...

-- Турат мырза, жакшы сунуштарыңыз бар экен...

-- “Сунуш” демекчи, учурдан пайдаланып, ЖКнын 5-чакырылыштагы депутаты катары, укук коргоо органдарында көптөгөн жылдар бою кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө катардагы инспектордон жетекчилик кызматтарда иштеген адис катары бул сунуштарымды КР президенти Сооронбай Жээнбековго, ЖК спикери Дастан Жумабековго, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевге жолдойт элем. 

Сурат Жылкычиев

Булак: "АЗИЯnews"

 

Поделитесь с друзьями