www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-акыйкатчы Турсунбек Акун менен Бектур Асановдун дооматы, аны түрмөдөн чыгарууда ортомчу болгону боюнча баарлаштык.

- Турсунбек мырза, шайлоону утурлай Бектур Асанов бийликке талаптарды койду. Президентке доомат койгонго укугу барбы?

- Анын президентке доомат койгонго моралдык кенедей да укугу жок. Керек болсо Бектур Жантөрөевич президентке өмүр бою ыраазычылыгын айтышы керек. Сооронбай Жээнбеков президент болбогондо Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыровдор эч качан эркиндикке чыкмак эмес. Бектур “Атамбаевдин убагында бир жарым жыл, Жээнбековдун убагында бир жарым жыл отуруп чыктым” дейт. Жээнбеков чыгарбаса, 5 жыл отурмак. Сооронбай Жээнбеков айкөлдүк кылып, саясий куугунтуктун негизинде камалды деген сунуштарды эске алып, сотторго кийлигишпей, иштин мыйзамдуулугун каратпаганда дагы деле камакта отурмак. Бектур президентке доомат койгондон мурун ичкен арыгына түкүрбөй ыраазычылыгын билдирсе туура болмок.

- Бирок, айрымдар Бектур Асановдун жалындуу сөздөрүнөн кийин ага ишеним артып, талаптарын колдоого алып жатат го?

- Бектур Асановдун бийликке койгон  кээ бир талаптары негиздүү. Бирок, көпчүлүк талабы  популизм болуп калды. Ал шайлоо алдында партиямдын атын чыгарып калайын, элдин көзүнө көрүнүп калайын деп популизмге алдырды. Чынында Бектур, Раим Матраимовду президентке чаптасам эле утушка ээ болом, элдин колдоосуна татыйм деп ойлоду. Анын бул кадамы акылсыздык болду. Чынында Раим Матраимов эбак эле модадан түшкөн. Аны сындоо упай деле алып келбейт. Ага болбой президентке чаптап, эптеп караласам,  коомдук пикир жаратсам деген саясат менен алек болуп жатат. Чынында Кыргызстанда бешиктеги балдар Матраимов деп ыйлап, Матраимов деп сооронуп жатышат. Ошон үчүн Раимбек Матраимовду сындоо эрдикке деле жатпайт. Аны айтып, легендага айлантам деген Бектур бул жагынан артта калып калды. “Азаттыкка” болсо Кудай берип, улам козутуп, Бектурду баатыр кылып жатышат. Өкүнүчтүүсү, Бектур бул аракети менен Кыргызстандын саясатын изилдеп жүргөн адамдарга жек көрүнүп, берген убадасына, айткан сөзүнө турбаган адам экенин тастыктады.

Мен Раим Матраимовго жан тартпайм. Аны өмүрү көргөн эмесмин. Элге кандай кызмат кылганын да билбейм. Ал мен үчүн эч ким эмес. Күнөөсү болсо жоопко тартышсын. Ага жан тартпайм. Бирок, Раим Матраимовду президентке эмес, Атамбаевге байлаш керек. Ал бажынын орун басары болуп, Атамбаевдин мезгилинде иштеди. Бектур иним моралдык жактан катачылык кетирип, акылсыздык кылып, өзүн эркиндикке чыгарган президентке асылды.

Матраимовго байланышкан иш боюнча парламенттик комиссия түзүлүп, фин полиция иликтеп өзүнүн чечимин чыгарды. Башкы прокуратура изилдеди. Ошон үчүн ал боюнча эч нерсе айта албайм. Бектур унчукпай жүрүп, шайлоонун алдында бирөөлөрдүн шыкактоосу менен президентке орунсуз асылып алганы үчүн жана  өз кызыкчылыгы үчүн өткөн күнүн унутуп, мага доомат койгонунан айтып жатам.

- Баса, Бектур Асановду эркиндикке чыгарууда сиз кызыкдар болгон үчүн ортомчу болдуңуз беле?

- Өзү СМС жазып, жалынып, жалбарып “ортого түшүңүз” деп суранган. Анын түрмөдө ачкачылык кармап азап тартканын, үй бүлөсүнүн кыйналып жатканын эске алып, президентке жана тиешелүү органдардын баарына кайрылып, адилет чечим кабыл алынышын сурангам. Бектурдун депутат, губернатор болгонун, демократиялык кыймылдарда жүргөнүн эске алгам. Ошондой эле жалынып, жалбарганда ортомчу болгом. Аны чыгарууга мен кызыкдар болгудай андан байлык же бийлик сураган эмесмин. Адвокат болуп акча алган эмесмин. Чын дилимден эркиндикке чыгып алышын каалагам. Эми болсо уялбай этпей эле “дүжүр аксакал болбой жакшы карыбайсызбы” деген орунсуз кептерди айтты. Бектур Асанов “Атамбаевге караганда Сооронбай Жээнбековду колдойм, сыйлайм. Ушул айкөл киши бийликте турганда эптеп эркиндикке чыгып алсам болот эле. Президенттин  эмгегин  баалайм. Ал кишинин саясатын колдойм” деген сөздөрдү айтып, мен талап кылбасам деле укмуштуудай убадаларды берген. Берген убадасына турбаганы үчүн, мага ыгы жок асылганы үчүн аларды айтууга аргасыз болуп жатам. Эгер Бектур ошондо эле чыгар замат өз пикиримди билдирем дегенде мен азыр анын убадаларын айтмак турсун унчукпайт болчумун. 

- Бектур Асановдун ортого түш деп суранганын, смстерин сиз эле билесизби же башкалар да билеби?

- Кубанычбек Кадыров билет. Ал күбө. Кубанычбек Кадыров берген убадасын аткарды. Сөзүнө туруп, Бектурдай кыйшыңдаган жок.

- Бектур Асанов элге көрүнүүнүн айласы менен ушундай кадамга бардыбы же анын  түпкүлүгүндө башка максаты барбы?

- Менимче Бектур “Эгемен Кыргызстан” деген партиясын атын чыгарайын деп жатат. Ошондой эле конституциянын атасы деген акесинин тапшырмасын аткарып жаткансыйт. Акеси убагында муну Жалал-Абадга жөнөтүп, Атамбаевге каршы багытта иштеткен, камалып калганда, Бектурду сурап да койгон эмес. Эми болсо анын акылы менен билдирүү жасап, президентке доомат коюп, шайлоодон кийин эл аралык уюмдарга кат жазып, НПОлорго, БУУга, Евросоюзга кайрылып, эптеп митинг, пикет уюштуруп, төңкөрүш кылганга аракет кылып революция уюштурууну максат кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости