www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кылмыштуу топту уюштуруп, алардын аракетинде кылмыштын белгилери байкалып, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү - 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбектер кармалган», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган адамдар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, «А.Э.М» таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылыңыздар болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости