ВИДЕО - ФОТО - Экс-депутат Садыр Жапаровдун, Талас облусунун жашоочуларына жана мекендештерине болгон БИЛДИРҮҮсү
Саясат  |   |  2401

Урматтуу Талас облусунун жашоочулары жана мекендештер!

Баарын көрүп, билип, түшүнүп туруп, унчукпай олтурууга абийирим жол бербеди. Эртеңки күнүңүздөр коркунучка, туңгуюкка бара жатат. Жерүй кенин ачтырсаңыздар Кумтөрдүн кейпин кийесиздер. Себеби, Жерүй кени суу башында жайгашкан. Ал жактан агып чыккан суу Таласты аралап өтөт. Ал сууну сиздер өмүр бою ичесиздер, мал жандыгыңыздар ичет, сугат катары пайдаланасыздар.

Алтын казып алууда оңой жана арзандыгына карап, сөзсүз түрдө цианид колдонушат. (Союз мезгилинде чет мамлекеттерде жүргөн чалгынчыларыбыз бир тал цианидди көйнөгүнүн жакасына тигип алып жүрүшчү. Бүгүн болсо Кумтөрдө суткасына 7 тонна цианид колдонуп жатышат) Цианид сууга аралашпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, азыр мамлекеттик көзөмөлдөө органдары алсыз.

Коррупционерлер күчтүү. Жаратылышты көзөмөлдөө кызматкерлерин баш, Талас элинин арасындагы тың чыкмаларын төш кылып, сатып алып коюшат дагы, өз билгендерин жасашат. Муну Кумтөр жана башка өлкөбүздүн ар тарабындагы алтын казып жатышкан кендерибиздин мисалынан өз көзүбүз менен көрдүк. Өз чөнтөк кызыкчылыктары үчүн, "Эч зыяны болбойт, ачабыз" деп чуркап жүргөндөрдүн жомокторуна эч качан ишенбеңиздер.

Эми мамлекетибизге жана элибизге боло турган зыяндуу жагына токтолоюн. Жерүй алтын кенинде азыркы учурдагы баа менен эсептегенде 5 миллиард доллардын алтыны бар, 100 тоннага жакын алтын, күмүш жана башка баалуу металлдар жатат. Аны 2 тонна алтындын баасына сатышты. Албетте чөнтөк кызыкчылыктарын унутушкан жок. Дагы беш жылдын ичинде (алтынды казып алып бүткөнгө чейин) мамилекетибиз эң көп болсо 8 тонна алтындын баасын салык, эмгек акы, соц фонд жана башка ар кандай төлөмдөр аркылуу пайда көрүшү мүмкүн.

Башка бир тыйын ашыкча пайда көрбөйбүз. Жерүй Кумтөрдөн кийинки кылымдын экинчи аферасы болду десек эч жаңылышпайбыз. Ошол эле учурда келечек муундарыбызга, кылымдан кылымга кала турган уулуу калдыктарды калтырып жатабыз. Эң жок дегенде алтынды 100 пайыз мамлекетибиз өзү казып алса мейли десек болот эле. Бирок андай болгон жок. Ал эми экологиялык зыяндарын ден-соолугуңарга келтирген кесепеттеринен өмүр бою запкы чегесиздер. Ошондуктан кеч боло электе токтотуш керек.

Эртең Жерүй алтын кени иштеп баштаса, Талас өрөөнүнөн көп болсо миң адам жумуш менен камсыз болушуп, эмгек акы ала башташат. Албетте, үй-бүлө мүчөлөрү менен кошулуп үч миң адам пайда көрөт. Бирок, мамлекет жана 6 миллион элибиз өтө чоң зыян тартат. Мындан сырткары, эртең экологиялык зыяндары кекиртегиңерден алганда, "Жерүй алтын кенин жапкыла!" деп чыкканыңарды бийликтегилер менен алтын казгандар чымын чакканча да көрбөйт.

Мыйыгынан күлүп, алтын түгөнгөнчө казып олтура беришет. Беш жыл бою эч баштары оорубайт. Анткени, алар Жерүй алтын кенине ишке орношкон миң жумушчуну элге каршы колдонушат. Алар төшүн тосуп коргоп беришет. Эл экиге бөлүнөт. Мындай окуяны иш жүзүндө көрдүк. Эртең үнүңөрдү айга жеткире кыйкырсаңар да кеч болот. Экологиялык зыяны тийе баштагандан кийин Таласта жашоо кыйын болуп калат. "Манас атанын тукумубуз" деп айткандан уялышыбыз керек болот.

Себеби, ата-бабаларыбыз каны-жанын аяшпай, бизге таза табиятты мурас кылып калтырып кетишкен. Албетте, бул менин жеке пикирим, көз карашым. Жыйынтыкты өзүңүздөр чыгарасыздар. Бул кайрылууну айрым менин тырмакчадагы саясий досторум "Мурда кайда жүрдүң эле?" - деген баягы дүжүр суроолорун бериши мүмкүн. Дароо эле жооп бере кетейин. "Саясатка жыйырма жыл мурда келсем болмок экен" деп, өзүм да өкүнүп жүрөм.

Балким бул суроо жыйырма жылдан кийин дагы берилиши мүмкүн. Ошол себептен азыр эскертип койгум келди. Мына бул сүрөттөрдөгүдөй ахывалга бир гана Кумтөр жана Жерүй алтын кендери эмес, бүткүл өлкөбүздөгү кен казылып жаткан жерлерибиз, тоолорубуз бүгүн ушундай абалга келип калган экен. Ошондуктан, бул көйгөй баардык Кыргызстандыктарга тиешелүү...

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин.

Майрамбек Каримов, NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями