ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...
Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар  |   |  2428

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга мындан ары “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу жаңы рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап аткарып жүргөндөрүн ачыкка чыгарабыз. Кыргыз шоу-бизнесинде акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Мунун себебин баарыбыз жакшы билебиз.

Ар бир чыгармачыл инсанга ильхом ар кайсы учурда күтүүсүз жерден келет. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылуунун амалын таба албай жүргөндөрү жок эмес.

Биздин эң алгачкы каарманыбыз жаш ырчы Анэль. Анэль сахнага чыкканы “Кара жорго” ырчысы деп деп билээр элек. Ал ырдан көп узабай, “Таба албайсың”  аттуу ырды жаздырып, эл оозуна алынып калды. Чынында, бул ырдын аркасы менен Анэль жылдызга айланды. А бирок, бул ыр кимдики экенин билесизби? Анэль бул ырды кайдан алган? Аны биз айтабыз. “Таба албайсың” аттуу ыр Казакстандык ырчы Алишер Каримовго таандык. Алишер бул ырды 2012-жылы жаздырып, 2013-жылы клибин тарткан.

Автор менен биздин Анэлдин аткаруусундагы ырды сиздердин алдыңыздарга сунуштайбыз! Сындап, электен өткөрүп угаар сиздерсиздер урматтуу окурмандар! 

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями