

www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимание! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу шаар мериясынан маалымдашты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндөгү жыл жыйынтыгын караган коллегия жыйынында ага катышкан КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Жалал-Абад областындагы ишин мыкты билген шаардык жана областтыкбийлик органдарынын жетекчилерине, ар кайсы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринеӨкмөттүн Ардак Грамотасын, Алкыш баракчаларын жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Анын ичинде Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов шаардын өнүгүшүнө сиңирген эмгеги үчүн Ардак Грамотага ээ болду.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында акыркы эки жыл аралыгында инфраструктуралык жактан ири өзгөрүүлөр болуп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуш иштеринин көлөмү мурдагы жылдарга караганда 4-5 эсеге арткан.
Майрамбек Каримов, "NazarNews.kg"