www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-ноябрда бизнес-коомчулук менен мыйзам долбоорлордун демилгечилери бизнеске байланыштуу онлайн-жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү Кеңешинин сайтында маалымдалды. 

Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан 2019-жылы 1 миң 497 кылмыш иши катталган. Бул учурда 2020-жылдын  тогуз ай ичинде 727 кылмыш иши катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 51.5% төмөн. 

Экономикалык кылмыштуулуктун негизинде келтирилген зыяндын көлөмү 2.3 млн сомду түзгөн, анын 78.1% кайра кайтарылган. 2020-жылдын тогуз айында келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 1 млн сомду түзгөн, анын ичинен 75.8% кайтарылган. 

Кошумчалай кетсек, жолугушуунун катышуучулары КР жаңы Кылмыш-жаза кодексин кабыл алуу маселесин карашкан, ошондой эле кодекстеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты ишкерлер арасында да, мамлекеттик органдарда да кеңири жайылтуу зарылчылыгын талкуулашкан. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости