www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Районубуздун дегеле республикабыздын өсүп-өнүгүшө  айыл чарба экономикасын көтөрүүдө,  калкыбыздын турмушун оңдоодо суу эң чоң роль ойнойт.  Бекеринен элибизде: «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт»,  - деген макал бекеринен айтылбаса керек. Мындан улам, районубузда жайгашкан суу чарба башкармалыгынын башчысы Асаналиев Камчыбек Үсөнбековичти кесиптик майрамы менен куттуктап, аны  менен катар  суу чарба кызматкерлеринин аткарган иштери, алардын көйгөйлөрү жана жакынкы пландар тууралу маек курдук.

- Камчыбек Үсөнбекович, элибизде «Аккан арыктан суу агат», демекчи,  учурда сугат иштери кызуу жүрүүдө. Сугаттын мөөнөтү өтүп кетсе, дыйкандарга залакасы тиет. Дегеним сугаттын камын мурдатан көрөсүздөрбү?

- Туура, ар бир нерсенин өз учурунда кылуусу керек, учурунда сугарып калбаса өсүмдүк күнгө күйүп кетиши ыктымал. Дыйкандарыбыз күздүк жана көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүшөт. Биз өз милдетибизди так жана туура аткарып келебиз деп айта алам. Анткени биздин кызматкерлер жан дили менен эмгектенишет. Керек болсо, эс алуу күндөрү да тынбай иштеп келишет. Бул биздин ишибиздин алдыга жылышына оң таасирин тийгизип жатат. Район боюнча суу пайдалануу планына өзгөртүү киргизилип, сугат суусунун үнөмдүү жагы кайрадан каралып, дыйкан-чарбаларына сугат суусу берилүүдө. Райондогу айыл аймактары фермердик дыйкан-чарбалары менен суу жеткирип берүү кызматы үчүн келишимдер түзүлүүдө. Учурда сугат иштери бүтүп, биринчи сугат жүргүзүлүп жаткан маал. Бүгүнкү күнгө сугат иштери боюнча 21590 га сугарылды. Алма-бактар, көп жылдык чөп жана айдоонун алдында сугаруу иштери жүрдү. 2017-жылдын январь айынан баштап сугатка  даярдык көрүлүп, райондун суу чарба башкармалыгы СПАлар райондогу ирригациялык каналдарды суу бөлүштүрүү түйүндөрүн гидропостторду оңдоо иштери жүргүзүлүп, ишке кирди.

- Районубуздагы жасалып жаткан  суу-чарба иштерине токтоло кетсеъиз?

- Районубузда жалпы суу баскан 32 172 га аянт бар. Бул аянттын 21 619 га аянтын чарба аралык каналдар тейлейт, ал эми 10 561 га аянты ички чарба аралык маанидеги суу тармактары менен камсыз болуп, сугат иштери жүргүзүлөт. Сугат тармактары боюнча айтсак, Ысык-Көл  районунда жалпысынан 823, 3 км каналдар бар. Анын ичинен чарба аралык 92, 12 км, ал эми 731, 18 км ички чарба аралык каналдарга кирет. Суу бөлүштүрүү курулмасы райондо 834 даана, анын ичинен 45 даанасы райондук суу чарба башкармасына караштуу, 789 даанасы ички чарба аралык каналдарда жайгашкан. Суу өлчөгүч гидропосттор жалпысынан баардыгы 81 даана, анын ичинен 56 даанасы суу чарба  башкармасына карайт. 25 даанасы ички аралык каналдарда жайгашкан. Баардыгы 19 даана суткалык суу сактагыч көлмөлөр (БСР), 4 даанасы  райондук суу чарба башкармалыгына карайт, 15 даанасы ички чарба аралык каналдарда жайгашкан. 1 стационардык насостук станциясы бар.

Жылына райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү максатында, райондогу дыйкан-фермерлердин чарбаларын өз убагында  сугат суусу менен камсыз кылуу максатында. Чарба аралык сугат  тармактарын капиталдык жана кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлүп келет. Жергиликтүү администрациясынын бекиткен план-графигинин негизинде, район боюнча «Ашар» ыкмасы менен 154, 03 км ички чарба аралык маанидеги каналдар  тазаланды. Ага  2572 киши катышты. Райондогу СПАды колдоо бөлмө жана суу-чарба башкармалыгы тарабынан райондогу суу пайдалануучуларга сууну үнөмдөө жана сарамжалдуу пайдалануу, СПАлар сугат суусуна болгон тарифтерин көтөрүү ички чарба тармактарын  оңдоого көп көңүл буруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

  Жогоруда айтылган, райондогу сугат тармактары 2017-жылдын вегетациясына 100% оъдоо иштери бүткөрүлүп, райондогу бардык мамлекеттик чарба аралык, ички чарба аралык каналдарга сугат суусу салынып, райондогу дыйкан-фермердик чарбаларына сугат суусу өз убагында берилүүдө.

- Быйыл сиз жетектеген башкармалык тарабынан эмне иштер жасалды?

- Ананьеводогу  суу бөлүмү боюнча: 7 даана суу бөлүштүрүү курулмасы оңдолуп, 105, 0 миъ сомго оңдоо иштери аткарылмакчы, учурда 6 даана курулмаларга 105, 0 миң сом жумшалды. Ал эми Чолпон-Ата суу бөлүмү боюнча:  2 даана суу бөлүштүрүү курулмасы оңдолуп  24, 0 миң сомго аткарылды. «Береке» стационардык насостук станциясы боюнча: 1 даана суу бөлүштүрүү курулмасы оңдолуп, 75, 0 миң сомго жумуш аткарылды жана актап-сырдоо, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Суу өлчөгүч гидропосттор боюнча: Ананьево  суу бөлүмү 3 даана гидропост 15, 0 миң сом жумшалды. «Береке»  насостук станциясынын 1 даана гидропост 14, 0 миң сом жумшалды. Ананьево суу бөлүмү боюнча 5 даана гидропост 30,0 миң сом оңдоо иштерине план боюнча каралган,  бүгүнкү күндө 9 даана гидропост оңдолуп, ага 49, 0 миң сом жумшалды.

 «Береке» насостук станциясы боюнча: 3 даана күч агрегатында демонтаждоо иштери жасалып, иштен чыккан тетиктери алмашылып, эки күч агрегаты иштөөдө. Ага 420.0 миң сом жумшалды.

- Силердин жумуш жоопкерчиликтүү экендиги талашсыз. Ошол ары түйшүктүү м ары татаал кесипти аркалагандардын арасынан кимдерди белгилеп кетесиз?

- Сиздин баамдаганыңызга ыраазымын. Негизи бул кесипте баш-оту менен кирип, суунун нугун билип, аны баалагандар иштешет. Бизди да  кесибибизге карап, сыйлагандар  арбын. «Сууну кайда бурсаң, ошол жерге агат», - демекчи, бизде суунун тилин билген 20 жана андан ашуун иштегендер азыркы сөз менен айтканда «фанаттар» көп десем жаңылышпайм. Ананьеводо көп жылдар эмгектенген Базаркулов, Кадыркулов, Сыдыковдор ийгиликтүү иштөөдө.

- Бюджеттен силердин башкармалыкка быйыл канча каражат бөлүнүп берилди?

- Быйыл бюджеттен бизге 2 млн 18 миң каралган. Анын 1 млн 700 миң каржыланды. Анын көбүнчөсү айлык маянага, ремонт иштерине сарптайбыз. Негизи биз мамлекеттик болгондуктан, бизге эч ким жардам көрсөтпөйт. Колхоз-совхоздор жоюлуп кеткенден кийин суу тармагы да экиге бөлүнүп кеткен. Чарба ичинде жана чарба аралык болуп. Кийинчерээк, Өкмөт тарабынан атайын Токтом кабыл алынып СПАлар түзүлгөн. Аймакта 13 СПА бар. Мына ошол СПАлар азыр ийгиликтүү иштеп жатат. Эки жылдан бери Өкмөт тарабынан колдоолор болуп, сугатка керектелүүчү  техникаларга ээ болуп жаткан кезибиз. Бүгүнкү күндө эксковатор, «ХОВА» автомашинасы,  ЮМЗ (2 даана), ЗИЛ унааларыбыз бар. Бирок, бизде кран жок болуп жатат, ошол көйгөйлүү маселебиз.

- Алдыга койгон максаттарыъарды билсек?

- Аймактарда таза суу маселесин жөнгө салуу. Суу келүүчү трубалардын эскилиги жеткен, ошолорду алмаштыруу болуп саналат.

- Камчыбек мырза, кесиптик майрамга карата кесиптештериъизге каалоо-тилектериъизди айта кетсеъиз?

- Баардык иштеп жаткан суу кызматкерлеринин ден соолугу чыъ болуп, иштерине албан ийгиликтерди каалайм. Суу кызматчылардын коштоп жүрсүн. Кыргызстаныбыз суусу менен байып, суусу ар дайым мол болсун! Элиме айтаарым, сууну барктап, сарамжалдуу, туура пайдаланганды билели.

 Сугат тармактарын даярдоо боюнча 2018 миъ сом акча каражаты каралып, 100% аткарылды. Район боюнча каналдарды оңдоо боюнча айтсак, узундугу 2,2 км 1005 миъ сомго каналдарды тазалоо, бетон иштери жүргүзүлдү. Лотоктор алмашылып, 2,5 км аралыктагы 280 миъ сомго жер нугундагы каналды мех тазалоодон өткөрүлдү.

«Чок-Тал» суу өзөнүндөгү «Каирма» каналы 0,4 км – 140,0 миъ сом; учурда 0,4 км оңдолуп 140,0 миъ сомго оъдоо иштери аткарылды. «Кичи Ак-Суу» өзөнүндөгү «Клинский» каналы план боюнча 0,7 км – 385,0 миң сом каралган болсо, анын 0,5 км 230 миң сомго иштер аткарылды. «Чет-Байсоорун» суу өзөнүндөгү «3-Западный» каналы план боюнча 0,6-330,0 миң сом болсо, азыркы учурда 0,3 км –  250,0 миң сомго иштер аткарылды. «Чу» суу өзөнүндөгү «М-1» каналы 0,5 км -150,0 миъ сом каралган. Механикалык тазалоо иштери «Тегирменти» суу өзөнүндө «5-Восточный» каналы 0,7 км – 60,5 миң сомго, Чок-Тал өзөнүнөн «Совхозный» каналы 0,6 км – 49,5 миң сомго, Чу суу өзөнүндө насоско келүүчү каналында 1,2 км – 150,0 миң сомго механикалык тазалоо иштери планда каралса, анын 1,3 км механикалык тазалоодон өтүп, 155,0 миң сом оңдоо иштерине жумшалды.

Жазгүл УРМАМБЕТОВА,NazarNews.kg

«Ысык-Көл баяны»

 

 

Последние новости