www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эми эттин баасы арзандайбы?

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев «Акчабарга» билдирди. 

«Биздеги маалымат боюнча азыр Өзбекстанга мурункуга салыштырмалуу он эсе көп мал өтүп жатат. Бирок, сыртка мал чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка азыр эле коюлду. Себеби, ички рынокту мал менен камсыздай албай калуу коркунучу бар. Тиешелүү жарлык өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон тарта күчүнө кирет»,- деп айтты Токтогазиев.

Этке болгон талаптын Өзбекстан тараптан жогору болуп жатканынын себеби, Өзбекстандын мал чарбасын колдоо боюнча эл аралык программа жүзөгө ашырылып жаткандыгында. 

Эске сала кетсек, быйыл Кыргызстанда эттин баасы дээрлик 400 сомго чейин жогулаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости