www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик аппарат байып, карапайым эл жакырланат. Мындай пикирди "Тандем'' юристтер коомчулугунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева билдирди. 

--"Мыйзамдын чоң коркунучтарынын бири - өкмөт ишкердикти тескеген мыйзамдарды каалаган учурда каалагандай кылып өзгөртүүгө укук алууда. Ал эми ички дагы, тышкы дагы инвестор үчүн алды менен так жана туруктуу оюн эрежелери маанилүү.

Экинчиден мамлекеттик бюджеттин 80 пайызы салыктан топтолгон өлкөдө мамлекеттин экономикадагы ролун артыруу - бул либералдык экономика, ишкердик эркиндик принциптеринен баш тартуу дегендик.

Бул Казакстан, Орусия өңдүү сырьелук экономикага тийиштүү жагдай. Анда дагы мамлекеттик аппарат байып, карапайым эл жакырланат.

Өнүккөн өлкөлөрдүн мисалын карасак экономика чакан жана орто ишкерчиликтин, мамлекеттин катышуусу өтө төмөн болгон либерралдуу экономика саясатынын аркасы менен өнүгөт", - дейт "Тандем'' юристтер коомчулугунун координатору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости