www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кирешени легалдаштыруу жана экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору Жогорку кеңешке келип түштү жана депутат Дастан Бекешов аны дароо сынга алып, бул мыйзам менен бийлик чиновниктердин мүлкүн жашырууга аракеттенип жатат деп билдирди. Бийликтин айтымында болсо, аны менен көмүскө экономиканын 40 пайызга жакынын ачыкка чыгаруу мүмкүн.

Мыйзам боюнча, мамлекетке бир миллион сом төлөп, 100 миллион сомдон канчалык болбосун ашык мүлктү мыйзамдаштырып алуу мүмкүн жана буга чейин берилген декларациянын баары жоюлат. Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит дагы сын айтып, мыйзамдашып жаткан мүлктүн баасы асмандан алынбаш керек дейт.

2020-жылдын октябрында премьер-министр болгондо, Садыр Жапаров 30 күндүк экономикалык мунапыс жарыялаган, бирок ал кезде эч мыйзам жазыла элек болчу. Экономикалык мунапыс ар башка мезгилде ар башка мамлекетте көп жолу жарыяланган, бирок Италия менен Ирландиядан башка учурларда ийгилик болгон эмес. Анткен менен, азыр кыргыз экономикасынын жарымынан көбү көмүскөдө, бир нерсе кылыш керек, казынага жок дегенде бир нерсе түшсүн.

Последние новости