www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төртүнчү жолу узак убакытка созулган дарылануусунан кайтып келгенден кийин, жума күнү учуп келип көп өтпөй кайрадан жумушка чыгып кетти. Эртең мененки жыйынга кирбей эле коюуну туура көрүп кабинетине кирген жокмун.

Себеби суроолорду берип кыйнагым келген жок. “Жийде кана?” –деп издеткен экен, чакырып алды. Кирип келсем “Жийде, автоматтык түрдө кабинетке киришиң керек да, эмнеге кирген жоксун?” –деп айтты. 
Ошентип эки күн катары менен министр ар бир жыйыны эки саат созулган бир нече жыйындарды өткөздү. Жанында мен отуруп жазып аттым.

Ал ысырапты азайтуу үчүн арналган социалдык роликтен кийин “Туура тамактануу” жөнүндө ролик жасаш керек деди. Бирок айрым бир себептерден убагында ал ишке ашкан жок.

Жыйындарда маданият өкүлдөрүн чогултуп “Комуз академиясын ачуу”, “Куудулдар театрын ачуу” боюнча өз ойлору менен бөлүшүп ишке ашырууну каалады.

Министрдин айтуусуна караганда өткөн ишемби күнү күчтүү акыркы дарысын ичип сыноодон өтүп кетсе, дүйшөмбү күндөн баштап ушул идеялардын үстүндө иштей турганын билдирген.

Бир да жолу каттуу сүйлөгөн жок

Көзү өткөнгө чейин бирге иштештим, бир да бир жолу мага катуу сүйлөгөн жок. Жалаң сылык кайрылчу. Жакпаган адамдарга сүйлөбөй койчу. Футболду абдан жакшы көрчү.

Министр башка чоңдордой болуп машина менен жүрбөй жөө жүрчү. Жанында басып баратканда артынан жетишпей камерамды кармап алып чуркап басчумун.

Ошол себептен базарга барып жапыс бут кийимдерди жайнатып сатып алдым. Азыр да жайпак тамандуу бут кийимдерди кийип калдым...

Жийде Зоотбекова

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости