www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

1-майдан баштап билим берүү ишмердүүлүгүнө уруксат алуу үчүн арыздар Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (ЛАБАС) аркылуу гана кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган тармакты лицензиялоо окутуучу мекеме мыйзамдын алкагында иш алып барышы үчүн жүргүзүлөт.

"Учурда бала бакча ачууга же кошумча билим берүү программасы боюнча окутуу үчүн лицензия талап кылынбайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өтүнмөнү аралыктан берүү убакыт, каражатты үнөмдөп, коррупциянын алдын аларын айтышты.

Өтүнмөнү шилтеме аркылуу берүүгө болот.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости