www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Крокус сити холлдогу" терактыны уюштургандар Россия менен Тажикстан элдерин уруштурууну каалашкан. Бул туурасында РФтин Душанбедеги элчиси Семен Григорьев айтканын РИА Новости жазды. 

"22-марттагы кан төгүлгөн теракт... анын мааниси элдердин ортосуна от жагуу болгон", — деген Григорьев "Россия менен Тажикстандын учурдагы жалпы тарыхы" деп аталган тегерек столдо сүйлөп жатып.

 

Россия ТИМинин Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик окуу жайынын Эл аралык изилдөөлөр институтунун катышуусу менен уюштурган иш-чарасынын максаты эки өлкөнүн тарыхына карата үчүнчү мамлекеттер таңуулаган көз карашка каршы туруу жолдорун издөө болгону айтылды.

Григорьев 22-мартта Подмосковьеде жасалган террордук акт тууралуу сүйлөп жатып, уюштуруучулардын максаты мүмкүн болушунча көп кишини өлтүрүүдөн тышкары Россияда улуттар жана конфессиялар аралык тынчтыктыкка бүлүк салуу болгонун айтты. Аны менен катар эле РФтин Борбор Азия өлкөлөрү, биринчи кезекте Тажикстан менен "достук, боордоштук жана союздаштык мамилелерин солгундатуу" максаты коюлганын белгиледи.

Дипломаттын айтымында, бул пландын бир бөлүгү эки өлкөнүн жаштарынын аң-сезиминде өткөн окуялар жана Россия боюнча атайылап одоно бурмаланган нерселерди таратуу.

"Тарыхыбыздын татаал маселелерин, анын ичинде Орто Азиянын Россия империясына кошулушун, Октябрь революциясын жана өткөн кылымдын 30-жылдарындагы репрессияларды ачык талкуулоо зарыл", — деген элчи.

Москва облусундагы "Крокус сити холлдун" концерттик залындагы теракт 2024-жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген куралчандар элге ок жаадырып, имаратка өрт чыгара турган заттарды ыргыткан. Россиянын ӨКМинин маалыматына караганда, кол салуудан 145 адам көз жумган, алардын арасында балдар да бар.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости