www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мигранттар үчүн Россиянын мыйзамдарын, баалуулуктарын, салтын үйрөткөн даярдоочу борборлорду уюштуруу керек. Бул туурасында Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко РИА Новостиге берген интервьюсунда сөз кылган.

Мигранттарды иштетебиз деп чакырган тарап алардын жашоосуна шарт түзүп, айлыгын маселе жаратпай төлөп бериши жана чөйрөгө көнүп кетишине көмөк көрсөтүшү зарылдыгын айткан.

Ал учурда миграция тармагында жумушчуларды башка мамлекеттен алып келген далдалчылар, мыйзамсыз иш алып баргандар, жарым-жартылай криминалдашкан түзүмдөр да бар экендигин белгилеген.

"Андыктан миграцияны мамлекеттер аралык деңгээлге көтөрүш керек. Анын үстүнө бизде шериктештиктеги өлкөлөрдө көбүрөөк эмгек ресурстарын жөнөтчү тиешелүү макулдашууларыбыз бар", — деген Матвиенко.

Спикер Россияга башкалардын киришине тыюу салууга мүмкүнбү деген суроого анткенге түк болбостугун айтып жооп берди.

"Минткенге такыр болбойт, өзүн-өзү жаап алган кадамга эч качан барбайбыз. Андыктан миграциялык саясатта көп нерсени өзгөртүшүбүз керек", — деп белгилеген Федерация кеңешинин төрайымы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости