www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын «Чыңгыз хан» улуттук тарых музейинде уюштурулган «Кыргыз элинин Чыңгыз хан жана анын урпактары менен болгон тарыхый байланыштары» аталышындагы илимий конференцияга катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев уюштурулуп жаткан илимий конференция илимпоздордун тыгыз иш алып баруусуна көмөкчү болорун билдирип: «Кыргыз-монгол калктарынын тарыхы миңдеген жылдарды камтып, эки эл эзелтен эриш-аркак жашаган. Биздин аталарыбыз өздөрүнүн Улуу Каганаттарын – Империяларын түзүп, адамзат тарыхында терең тарыхый из калтырышкан. Эске сала кетсек, Барсбек баштаган бабаларыбыз Улуу Кыргыз каганатын түптөсө, Чыңгыз хан Улуу Монгол империясын негиздеген. Эки эл бири-биринин тарыхына, маданиятына жана үрп-адатына терең таасир тийгизип, жакын байланыштарды сактап келген. Андыктан бул жаатта жасаган изилдөөлөр улуттук орток мурастарыбызды жана анын азыркы дүйнөдөгү ролун тереңирээк түшүнүүгө, муну менен катар келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого көмөкчү болот»,- деди.

Андан тышкары, эки элдин тарыхый байланыштарына башкы далил болуп берген маалыматтар жана жер-суу аталыштары арбын экенин айткан Төрага: «Кыргыздардын жашаган жеринин тарыхый издери азыркы монгол жергесинде өтө арбын. Алсак, Монголиянын аймагында Кыргыз көл, Кыргыз тоо, Кыргыз жайыты өңдүү топонимдер кездешет», — деди.

Ошондой эле азыркы тапта да Монголиянын Баян-Өлгий аймагында миңдеген этникалык кыргыздар жашап жатканын эске салды.

Андан соң конференция кыргыз окумуштуулары менен монгол илимпоздорунун баяндамалары менен уланып, орток тарыхый байланыштарга тиешелүү маалыматтар айтылды.

Мындан сырткары төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы «Чыңгыз хан» улуттук музейи менен таанышты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости