www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы Абдыманап мырза, эркиндикке чыгышыңыз менен. Маек эми кеп башынан болсун, кандай кыйноолорго кептелдиңиз. Мурдагы бийликке кандай ыраазычылыктар бар.

--Эми сизге баары белгилүү да, анткени 2017-жылы 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан мурдагы депутат Садыр Жапаров менен келип, мурдагы бийликтин запкысынан чындыктын жоктугунан камалып чыктык. Баарына Кудай тараза.  Алмазбек Атамбаевдин деле жамандыктан уучу куру эмес.

--Сиз менен Садыр Жапаровдун кайсы тарапташтары чыкты?

--Эркланбек Тагаев экөөбүз тең мөөнөтүбүздөн мурда бошонуп чыктык. Негизи төрт жылга кесилгенбиз. Эки жыл бир ай олтурдук. Учурда Садыр Жапаровдун дагы эки тарапташы бар. Алардын биринин жаза мөөнөтү аяктап калды, бири 8 жылга кесилген. Ошол убакта жалпы 12 киши кармалганбыз, азыр он адам абактан чыкты. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар.

 --“Садыр Жапаровдун артынан камалып калдык”, деген өкүнүч болгон жокпу?

--Жок, андай ой дагы болгон жок. Садыр Жапаровдой өз элин сүйгөн жигит чанда гана. Ал мыкты инсан, Кудай буюрса Садыр Жапаровго дагы ийгилик келет. Өкүнгөнүм бир эле нерсе...

--Жашыруун болбосо, айтып берсеңиз болобу?

--Албетте, мурдагы бийликтин мерездигинен Садыр Жапаров атасына топурак сала албай калды. Мүмкүн саясый буйрукта аткаргандардын жакындары өлгөн эмес же өлбөйт дагы, бирок Нуркожо атанын сакалына салаалап аккан көз жашы аларды эч качан жөн койбойт.

--“Мекенчил” партиясы сиздер камактан чыкканга чейин кол кабыш кылып турушту окшойт...

--Мен, “Мекенчил” партиясынын курамына жана кыргыз элиме толугу менен ыраазымын. Алар биз камактан чыкканча кол-кабыш кылып, жетпеген нерсебизди жеткирип берди. Оор абалда кимдир бирөөнүн ахыбалын сураган дагы оор нерсе. Мурдагы депутат Садыр Жапаров жана анын тарапташтары бийликтин куугунтугу менен кандай гана күндөрдү баштан өткөрдүк. Эми бул бийликтен жакшы үмүтүбүз бар. КР президенти Сооронбай Жээнбеков акырындык менен баарын түздөп, түптөп келе жатат. Эми, Атамбаевдин доорунда абакка тыгылган чыгаан инсандарыбыз, Садыр Жапаров, Карганбек Самаков, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков,  Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Абдылда Капаров, Максат Кунакунов, Өмүрбек Текебаев жана анын тарапташтарына президент Сооронбай Жээбеков тарабынан ырайым берилет деген үмүттө турамын. Эми саясый куугунтук менен камаган Алмазбек Атамбаевди кудайга койдук.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости