www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерге мурда кагаз түрүндө берилген мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү толугу менен санариптештирди.

Эми ишкерлер документтин электрондук версиясын салык төлөөчүнүн кабинетинен каалаган убакта өз алдынча жүктөп ала алышат.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, бул өзгөртүү күбөлүк жоголгон учурда аны калыбына келтирүү боюнча кошумча жол-жоболорду жана документтин жоголгону тууралуу жарыя берүүнүн зарылдыгын жокко чыгарат.

Белгилей кетсек, 2022-жылга чейин жеке ишкерлердин мамлекеттик каттоо күбөлүктөрү кагаз түрүндө гана берилчү.

Электрондук күбөлүктү алуу үчүн салык төлөөчү cabinet.salyk.kg сайты аркылуу жеке кабинетине кирип, «Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр» бөлүмүнөн документти жүктөп алса болот.

Жаңы кызмат ишкерлердин убактысын үнөмдөөгө, салык органдары менен өз ара иштешүүнү жеңилдетүүгө жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

 

 

 

 

 

Последние новости