www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин объектилерине иш сапары менен барып, анын бөлүмдөрүн масштабдуу реконструкциялоонун жана техникалык жактан кайра жабдуунун жыйынтыктары менен таанышты.
Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын майрамдоого карата уюштурулду.
Алсак, "Шумкар" атайын багыттагы полкуна баруу учурунда минкаб башчысы бөлүмдүн жаңыланган инфраструктурасын көрдү. Бул жерде жаңы казарма, жабык мини-футбол аянтчасы курулуп, спорт залы жана кызматтык кабинеттер толугу менен реконструкцияланды. Ошондой эле бөлүмдүн аймагында оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.
Адылбек Касымалиев ыңгайлуу шарттарды түзүү атайын бөлүктүн жоокерлеринин физикалык жана кесиптик даярдыгыиын деңгээлин жогорулатууга түздөн-түз таасир этерин белгиледи. Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик кызматын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулду. Минкаб башчысына дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жогорку технологиялуу системалардын иши көрсөтүлдү.
Ички иштер министри Улан Ниязбековдун айтымында, лаборатория жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган, бул молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдүн абсолюттук тактыгына жана ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет. Кызматка ошондой эле кылмыштарды ачуу процессин бир топ тездеткен "ПОИСК" автоматташтырылган баллистикалык системасы жана "Сонда" дактилоскопиялык системасы киргизилген.
Андан соң Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын капиталдык оңдоодон кийинки имаратын текшерди. Имаратта инженердик коммуникациялар толугу менен алмаштырылып, жарык берүү жана электр энергиясы менен камсыздоо системалары жаңыланган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында минкаб төрагасы укук коргоо органдарынын инфраструктурасын чыңдоо жана кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу милициянын ишииин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын коопсуздугун ишенимдүү камсыздоого түздөн-түз өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.