www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 22-январында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Панфилов районунун тургуну, 1993-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда көрсөтүлгөндөй, 2025-жылдын ноябрь айында Кара-Балта шаарындагы лицейлердин биринде иштейм деп И.Р. аттуу жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуудан өткөндүгү тууралуу маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизип берүүнү шылтоо кылып, алдоо жолу менен анын 30 600 (отуз миң алты жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражаттарына мыйзамсыз ээлик кылган. Бирок ал өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, алынган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. Натыйжада арыздануучуга олуттуу материалдык зыян келтирилген. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, 1966-жылы туулган И.Р. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Эгерде шектүүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган башка адамдар болсо, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө же төмөнкү байланыш номерлерине кайрылууну өтүнөбүз: 0701 20-31-02, 0312 22-15-58.

 

Последние новости