www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-ноябрда орусиялык хакерлер Ватикандын сайттарына чабуул жасашкан. Бул Рим папасы Францисктин Орусия Федерациясынын Украинага каршы согушуна байланыштуу акыркы билдирүүлөрүнөн кийин болгон.

Бул тууралуу Украинанын Ватикандагы элчиси Андрей Юраш Facebook баракчасына билдирди.

Анын айтымында, Рим Куриясынын ар кандай түзүмдөрүнүн көптөгөн онлайн баракчаларына кирүү мүмкүн эмес болгон.

«Орусиялык хакерлер Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы тарабынан түздөн-түз террористтик деп аныкталган Россия Федерациясынын саясатынын чыныгы жүзүн дагы бир жолу көрсөтүштү. Бул чабуул Орусиянын Рим папасы Францисктин акыркы маанилүү билдирүүлөрүнө жооп болду», - деди ал.

Бирок мындай маалыматты Орусия тарап четке кагып, алардын кезектеги калпы катары белгилеп кетти. 

Эске сала кетсек, дүйнөлүк жашыруун маалыматтарда 3-дүйнөлүк согуштун "карааны" көрүнүп тургандыгы каңкууланууда. Тик-Ток соцтармагында Россия тарапта акыркы 3 айдан бери атайын жертөлөлөр даярдалып жатканы талкууга түшүүдө. 

Белгилүү болгариялык көрөгөч Ванга 2022-жылы дүйнөлүк согуштарды көргөн эмес. Ванганын айтымында, Орусия көптөгөн сыноолорду башынан өткөрүп, бирок чоң кыйроолорго учурабайт деген. Россия өзү тандап алган жолдон тайбайт, АКШ менен мамиле мурдагыдай муздак бойдон калат, бирок Кытай менен өз ара кызматташуу күчөйт, деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости