www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрым маалымат булактары мурдагы союздук өлкөлөрдөгү инфляциянын деңгээли боюнча маалыматтарды жазышууда.
Андагы маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын март айына карата постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдө инфляция деңгээли ар түрдүү болуп, айрым мамлекеттерде баалардын өсүшү эки орундуу көрсөткүчкө жеткен. Төмөндө инфляция боюнча өлкөлөрдүн рейтинги (жогору көрсөткүчтөн төмөн карай):
1. Казахстан — 11%
2. Кыргызстан — 11%
3. Украина — 7.9%
4. Узбекистан — 7.1%
5. Түркмөнстан — 6% (божомол)
6. Россия — 5.9%
7. Молдова — 5.8%
8. Азербайджан — 5.6%
9. Беларусь — 5.4%
10. Литва — 4.8%
11. Армения — 4.5%
12. Таджикистан — 4.5% (божомол)
13. Грузия — 4.3%
14. Эстония — 3.6%
15. Латвия — 3.4%
Экономисттердин баамында, Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдө инфляциянын жогору болушу ички рыноктогу баалардын туруксуздугу жана импортко көз карандылык менен байланыштуу. Ал эми Балтика өлкөлөрүндө инфляция салыштырмалуу төмөн деңгээлде сакталууда.
Көптөр үчүн Россиядагы инфляциянын 5.9% деңгээлинде салыштырмалуу төмөн болушу күтүүсүз болушу мүмкүн. Анткени санкциялар жана геосаясий чыңалуу экономикага олуттуу басым жараткан. Ошондой эле Кыргызстан менен Казахстанда инфляциянын эң жогорку көрсөткүчкө жетиши да көңүл бурат.