www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын ички иштер министринин кеңешчиси генерал-полковник Закир Алматов Анжиянда беткап тагынбаган жергиликтүү тургунга кыйноо көрсөткөн укук коргоо кызматкерин сындады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Ал күнү-түнү иштеп, айына болгону 244-295 доллар маяна алган тартип сакчыларынын психикалык абалын ырааттуу түрдө текшерип туруш керек деп эсептейт.

«Тилекке каршы, бул жөнүндө айтууга туура келип жатат... Бир жигит ички иштер кызматкерлеринин курмандыгы болду. Бул эгоисттер ички иштер органдарынын кадыр-баркын түшүрүп, күнү-түнү иштеп жаткан башка кызматкерлердин беделине доо кетиришти. Алар милицияга карата чыккынчылык кылышты», – деди Алматов.

11-июнда Анжиян шаарында 32 жаштагы тургун ооруканада комадан чыкпай каза болгон. Ал 30-майда ички иштер бөлүмүнө суракка чакырылып, кыйноого кабылганы аныкталган.

Генерал-полковник Закир Алматов 15 жыл ички иштер министри болгон. 2005-жылы трагедиялуу Анжиян окуясынан кийин отставкага кеткен. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар аны кандуу окуя үчүн күнөөлөп келишет.

Расмий маалымат боюнча Анжиян окуясында 187 киши өлгөн.

Калабадан кийин Европа биримдиги аны санкциялык тизмеге киргизген. Ага карабай, 2005-жылы Алматов Германияда хирургиялык операция жасаткан. Анда эл аралык укук коргоо уюмдары немис бийлигин сынга алышкан.

Айрым маалыматтар боюнча ал бейрасмий түрдө үй камагында болгон. Өзбекстандын биринчи президенти өлгөндөн кийин гана кайрадан элге көрүнө баштаган.

2018-жылы Закир Алматов ички иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости