www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Америка Кошмо Штаттарынын Европага кошумча аскер жиберүү чечимин кубаттай турганын жана альянстын түштүк-чыгыштагы аскердик катышуусун күчөтүүнү карап жатканын билдирди.

Столтенберг бул тууралуу билдирүүсүндө, АКШнын кошумча аскер жиберүүсүнүн НАТОнун  коргонуусун күчтөндүрө турганын белгиледи.

АКШнын НАТО жооп кайтаруу күчүндө  8 500 аскери жана Жер Ортолук деңизинде  НАТО командирлигинин астында учак конуучу кемеси бар экендигин эске салган  Столтенберг: "Биз НАТОнун жооп кайтаруу күчтөрүнүн даярдыгын жогорулаттык жана альянстын түштүк-чыгышына кошумча аскердик бөлүктөрдү жөнөтүүнү карап жатабыз. Биздин аскер жиберүүбүз коргонуу максатында жана пропорционалдуу", - деди. 

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон), Россияга каршы бөгөт коюу максатында бүгүн Румынияга 1000, Германия менен Польшага 2000 жалпысынан 3000 аскер жиберилерин жарыялаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости