www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17 жаштагы кыз антисептикке ууланып каза тапты

Казакстандын Павлодар облусунда 17 жаштагы кыз антисептикалык каражатка ууланып каза болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя оор шартка кабылган балдарга көмөк көрсөтүүчү жайда болгон. Каза болгон кыздын эки курбусу дагы ооруканага жеткирилген. Алар 3 кыз биригип антисептикти сууга кошуп ичишкенин айтышкан.

Укук коргоо органдары мындай жол менен кыздар өз өмүрүнө кол салууга аракет кылуусу мүмкүн экендигин айткан.

Аталган факты боюнча өзүнө-өзү кол салууга аракет кылуу беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости