www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кытайда COVID-19 илдети кайта кайталанбайт, аз сандуу гана адамдар аталган вирусту кайрадан жуктуруп алышы мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 27-мартта Кытайдын Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча өкүлү, эксперт Чжун Наньшань билдирди.

“Менимче, Кытайда COVID-19 эпидемиясынын экинчи толкуну болбойт”, деди эксперт Чжун Наньшань.

Андан сырткары аталган эксперт, оорунун таркалышын алдын алуу боюнча  кылдаттык менен көзөмөл жүргүзүлө тургандыгын айтып, экинчи болуп өткөн оор кырдаалга жол берилберин, болгону Кытайга кирип келген чет элдик жарандардан кайрадан вирус козголуп кетиши ыктымал экендигин кошумчалаган.

“Ооруга каршы болгон күчүбүздү жумшасак, илдет кайра кайталанбайт”, деди эксперт Чжун.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышын пандемия катары жарыялады. Адамдарды аргасыз ажалга багындырган каргашалуу аталган вирус, 176 мамлекетте тарады. Дүйнө жүзү боюнча учурда 550 530 жаран ооруну жуктурса, 24 903 жаран жарык дүйнө менен коштошкон, 128 701 жаран аталган оорудан сакайып кетишкен. Так ушул тапта вирус жуктурган 396 926 жаран карантинге алынган. Алардын ичинде 375 875 жарандын абалы орточо жакшы болсо, 21 051 жарандын абалы оор.

Урматтуу кыргызстандыктар! Аталган каргашалуу илдеттин алды-алуунун бир эле жолу бар, зарыл жумушуңуздар жок болсо көчөгө чыкпоо!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости