www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Белгилүү саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Исабеков, экс-президент Курманбек Бакиевге көңүл айтып, акыркы учурдагы социалдык тармактагы талкууларга пикирин билдирди.

--Саламатсызбы, Кубанычбек Сатиндиевич жакында эле экс-президент Курманбек Бакиевдин жубайы каза тапты. Тилекке каршы социалдык тармактарда каттуу талкуу болду. Негизи эле болуп өткөн талкууларды сиз кандай кабыл алдыңыз?

--Курманбек Салиевич Бакиевге терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Кыргыз эли сизди эки жолу президент кылып шайлады эле. Сиз тажрыйбалуу, өндүрүштү, чарбаны жакшы билген адам катары эсибизде калдыңыз. Кемчилиги жок адам болбойт. Кемчилик баарыбызда бар.

Бул жоготуу сизге өтө чоң кайгы алып келди. Кыргызда аталарыбыз кемпиримден мурун кетсем экен деп айтып калышчу эле. Көрсө, жыл өткөн сайын адамга эң жакыны аялы, байбичеси болуп калат экен да. Эми белиңизди бекем бууп, кайрат кылыңыз. Жеңебиздин жаткан жери жайлуу болсун. Бейиштин төрүнөн орун алсын. Мен бир эле жолу көрсөм да адамгерчиликтүү, жөнөкөй, улууну урматтаган, кичүүгө ызаат кылган адам катары эсимде калды. Эми балдарыңыздын сый-урматын көрүңүз. Аман болуңуз. Балдарыңыздын жана өзүңүздүн өмүрүңүзгө Кудай береке берсин.

Сизге көңүл айтып жатып кыргызга пейилибизди оңдойлучу, улууга урмат, кичүүгө ызаат кылууну колго алалы. Адамгерчиликтүү болгонду туу туталы дегим келет. Анткен, улуу сапаттардан куру калып жатканыбыз үчүн көп уят болдук.  Качан төңкөрүш болот дебейличи. Мамлекетке, экономикага баарыбыз жооптуубуз. Ар бирибиз үлүшүбүздү, кошумчабызды кошушубуз керек.

Бирок, жамандык болгондо басмырлап, жаман сөз айткандан алыс бололу. Жамандык болгондо жаман сөздөрдү айтып, төө бастыга алуу өтө пастык деп эсептейм. Чыңгыз Төрөкулович каза болгондо комиссиянын төрагасы болуп калдым. Курманбек Салиевич менен чет элден келген конокторду ким тосот, алардын жатаканасы, тамак-ашы кандай болот деп уюштуруу маселесин талкуулап жатканда, Аскар Акаев менен иштештиңиз эле, Премьер-министр кылды эле.

Аскар Акаевди Чыңгыз Төрөкулович президент кылган. Чыңгыз Төрөкуловичке топурак салып кеткенге уруксат бериңиз десем “туура, жамандык деген жамандык. Айтып, команда берип койгула. Келип топурак салып кетсин” деген элеңиз. Бул сиздин адамгерчилигиңиз эле. Бирок, ал киши анда да, кийин агасы каза болгондо дагы келген жок.

Кыргыз элим, сөөк коюлуп жатканда табалабай, жемелебей, куугунтуктабай тескерисинче көңүл айталы. Жаманчылыкта бирөөнү табалаган айбанчылык. Биз президенттерди кубалагандан пайда таптыкпы? Жакшылыкты да ойлонбойлубу. Бир бололу. Бири-бирибизди колдойлу.

Кыргыз эли тарыхы, дили, тили маданияты менен байыркы элдерден. Бүгүн улуттук идеологиябызды таппай ар кайсы жолдо турабыз. Негизи тилдин, экономиканын  өсүшү да ушул идеологиялык багытта болушу керек эле. Бир дагы өкмөт бүгүнкүгө чейин ойлоп койбоду. Жаштарыбыз сыртка кетти. Ошонун айынан зомбулук күч алды. Карыган аталар кыздарын кордоп, түрмөгө түшө баштады. Кыскасы, акылга сыйбаган жоруктар орун алып жатат. Илгери кыргыздар карысын эч качан карылай үйүнө алып барчу  эмес. Азыр карылар үйүнө да кезек күтүп калышыптыр. Ошон үчүн тарыхчылардан, илимпоздордон, каада-салтты билген мыктылардан кошуп, комиссия түзүп туруп, улуттук идеологияны түзүшүбүз керек. Улуттук идеология мына ушундай туура эмес жолдо бараткандарды туура жолго салышы керек, - деди Кубанычбек Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости