www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы, Анжелика Бекболиева кыргыз ырчыларынын арасында ар дайым жеке кызыкчылыгы үчүн хайп жаратып келет. Буга чейин ал кыргыз коомчулугуна кырсыкка учураган даракты кесип шылдың болсо, андан кийин жоолук салынып, бүтүндөй журтка акыл айтып жемеге калган. Кечээ жакында эле Айчүрөк Иманалиеванын уулу каза тапканда пикирин жаза коемун деп талкууга алынган. Бүгүн ал, Назира Айтбековага кезектеги коңгуроосун какты.

--Кыргызстанда жылаңач кыздарды Моссоветтен же цирктин жанынан көрчүбүз. Кардар издеп алар жол боюнда турган көзүбүздү жумуп, шайтандан качкандай чуркап өтчүбүз. Азыр колубуздагы телефондон жылаңач денеси менен мактанган кыргыз айымдарын көп көрүп баштадык. Күйөөм жок, мени эч ким тыйбайт дебестен, этегиңди жаап, жалгыз бой "эне" деген статуска татыктуу болуш керек, - деп жазган Анжелика.

Белгилүү журналист, алып баруучу Назира Айтбекова:

--Кээ бир "жылдыздар" акчалуу эркектин капчыгын каккан боюнча анан талпак болуп жайылган боюнча ат салдырбайт, анан түштөн кийин "ыймандуу" болуп, акыл үйрөтүп калганын айтайын?! Күлкүм келеааатат! Силер кылганды мисалы мен кыла элекмин! Менин чечингеним силердин тоодой күнөөнөрдүн алдында бир тамчы!, - деп жооп берген.

 

Последние новости