www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байденди атайын медициналык кароодон өткөрөт. Бул тууралуу маалыматты "Америка үнү" жазып чыкты. 

Ак үйдөн билдиришкендей Джо Байдендин ден соолугу боюнча толук маалыматты беришет. Бүгүнтөн баштап медициналык кароодон өтүп жаткан АКШнын эң улгайган президенти катары тарыхта калган Джо Байден 2024-жылдагы президенттик шайлоого кайрадан ат салышуусу мүмкүн. Ошондуктан ушул аралыкта ден соолугун бир сыйра текшертип чыгуу аракетинде. 80 жаштагы президенттин ден соолугунун ахыбалын отчёт түрүндү чыгарышаарын Ак үй администрациясы билдирди. Коомдук сурамжылоолордон төмөн баага татыганына карабастан Байден буга чейинки бир катар билдирүүлөрүндө шайлоого катышаарын кыйыр түрдө билдирип келген. Анын оппоненти эмитеден эле белгилүү болду. Эски атаандашы Дональд Трамп өзүнүн президенттикке талапкерлигин каттоодон өткөрүп,  матч-реваншка катуу даярдык көрүп жатат. 8-февралда PBS га берген маегинде Джо Байден президенттикке ат салышууга ниети бар экендигин, бирок толук бир чечимге келе электигин айткан.

Белгилей кетсек Джо Байден 2021-жылы 19-ноябрда медициналык кароодон толугу менен өткөн, бир гана колоноскопияны жалпы наркоз аркылуу жасашкан. Ал учурда 1 саат 25 минут убакыт президенттик ыйгарым укуктары АКШнын вице-президенти Каммале Харриске өткөн. Ал биринчи жолу Американын тарыхында президенттик артыкчылыктар берилген аялзаты катары калды. 

Байдендин жеке дарыгери Кевин О Коннор президентти саламаттыгы чың катары көрсөтүүгө аракет жасап, бирок бир аз өйдө-төмөндөр да бар экенин билдире кеткен. Анын айтымында бир аз карылыкка алдырып коюп жатканын, жерди оё басканы нервге байланыштуу экенин жана тынымсыз жөтөлү анчалык коркунуч жаратпасын билдирген.

1988-жылы операция болгондон бери саламаттыгына даттанбаган Джо Байден ичпейт, чекпейт, бир аз спорт менен машыгат. Өткөн жылы июль айында гана Covid-19 дун жеңил формасы менен ооруган. Бирок, анын улгайып калган жаш курагы айрым республикачылардын чабуулунун бутасына айланган бойдон калган. 

Даярдаган Нур БАЙГАЗАК 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости