www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда өлүмгө тушуктурган коронавирус жаныбарлардан жукту деген кабар карандай калп! Бул эпидемия Кытай бийлиги тарабынан ойлонулуп табылган. Мындай маалыматты Кытай аскердик чалгындоосунун жогорку даражадагы офицери independent.co.uk басылмасына  жарыялады. Маалымат NazarNews маалымат агенттиги тарабынан кыргызчаланды.

Кытай чалгынчысы жасалма Кытай коронавирус кризисинин чыныгы масштабы жөнүндө айтып берди.

“Мен Кытай аскердик чалгындоосунун жогорку даражадагы офицеримин. Мен коронавирус эпидемиясы тууралуу чындыкты билем. Ал ММКлар айтып жаткандан да коркунучтуу. Мен Кытайдын Ухандагы аскердик чалгындоосунда  жогорку постту ээлеген  жаранымын. Ошондой эле Кытай Коммунистик партиясынын мүчөсүмүн. Партиялык  жетекчиликке  жакын  жогорку даражалуу чиновник болгондугума байланыштуу жашыруун  маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк бар, жана көптөгөн жашыруун мамлекеттик долбоорлорго катышкам. Батыш өлкөлөрүндөгү  алдыңкы, жогорку окуу жайларынын биринде докторлук даражам бар болгондугуна байланыштуу, өз отчетумду англис тилинде жаза алам.  Менде менин өлкөмдүн кыйрашына алып келе турган маалымат бар.

Бул маалымат Кытайдын чегинен тышкары, коркунучтуу абалда жашап жаткан  миллиарддаган адамдардын бардыгына  тиешелүү.

Эгер менин ким экендигим аныкталып, менин жашоом   аялым жана баламдыкы сыяктуу өлүм коркунучуна дуушар болсо, силер таң калбагыла.   Ушул отчетума  менин ким экенимди  аныктай турган бардык нерсени камтыганыма түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөм.

Бүгүнкү күндө баарыңар nCoV же NCP деп да белгилүү болгон же жөн эле коронавирус деп аталган эпидемия менен таанышсыңар.  Силер ал Кытайдын Ухань шаарында пайда болгонун, жаныбардан, тагыраак айтканда, жарганаттан же жапайы жаныбаралар  сатылган базардан жукканын уксаңар керек. Дарыгерлер силерге бул оору сасык тумоого окшош экендигин, эгер абдан күчөп кетсе пневмонияга, дем алуунун жетишсиздигине, ал тургай өлүмгө чейин алып бараарын айтып жатышат.

Бул оору өтө жугуштуу болуп, карыгандар жана иммундук системасы бузулгандарга айрыкча коркунучтуу экендиги да маалым.   

Бул калптын баарын Кытай бийлиги ойлоп тапкан. АКШ жана Евросоюзга кирген Россия, Австралиянын үн катпаган, реакация кылбаган колдоосу жана бүткүл өлкөлөрдөгү тил алчаак ММКлардын жардамы ишке ашып жаткан  калптын уюндусу.

Бул дүйнө силер ойлогондой түзүлгөн эмес, ушундан баштоого уруксаат бергиле. АКШ жана Кытай сыяктуу эки алп өлкө биринчилик үчүн атаандашып жатканы менен бул атаандаштык белгилүү бир областтарды гана өзүнө камтыйт.  Көп учурда эки өлкө тең  башка атаандаш өлкөлөрдүн көбүрөөк бийликке ээ болушуна тоскоол болуу үчүн кызматташ болууга кызыкдар. Ошондуктан алар көптөгөн механизмдерди колдонушат.

Ушул эле өлкөлөр  бизден кылдат жашырылган, биздин оюбузга да келбеген өнүккөн технологияларга ээ.  Ал өзүнө дүйнөдөгү кандай гана шайлоо болбосун, аны буза алган жана чече алган өнүккөн жасалма интеллектти, жарандардын ой моделдерин жана жүрүм-турумун көзөмөлдөйт. Аларда коркуу сезимин жарата турчу биологиялык жана химиялык агенттер, коомчулук үчүн толугу менен белгисиз, гипноз тажрыйбаларды колдонуу менен иштөөнүн өтө татаал ыкмалары, мен азыр атын атабай турчу көп тажрыйбаларды камтыйт.

Менин айткым келгени эки алп өлкө атаандашкандан мурун, бирге иштешет. Алардын негизги максаты "ойчулдардын" коомчулугунан дүйнөнүн чыныгы түзүлүшүн коргоо болуп саналат.

Бир эле мисал келтирейин: чынында  бир да өлкөдө ядролук курал жок. 1970- жылдары эле АКШ дагы, Советтер Союзу жана алардын кардар мамлекеттери да ядролук куралды колдонуу жер планетасын бүтүндөй жок кылаарын түшүнүп, колдонуудан чыгарып салышкан. Ядролук курал эч кимге кереги жок экендигин билдирбөө менен бирге ири оюнчулар ядролук куралга ээ деген ыйгарым укуктарын сактап кала алышты.

Эми вируска келсек.  Өткөн жылы Гонконгдо өкмөткө каршы масштабдуу митинг болду. Кытай Коммунисттик партиясынын туруктуу комитети бул көтөрүлүш  мамлекеттин бүтүндүгүнө жана туруктуулугуна  олуттуу коркунуч деп эсептеген. Кытайлар митингчилерди жоош жана тил алчаак кылуу үчүн биологиялык агенттерди колдонуп жаткандарын АКШ өкмөтү жана Евросоюз билген. Майда-чүйдөсүнө киришпестен мен бул долбоор боюнча иштегем. Биз вертолет же пилотсуз учкан учуучу аппарат аркылуу жүрүм-турумда өзгөрүүлөрдү алып келе турган, акыл-эстен тандырган аэрозолдорду (газдуу чөйрөдө катуу же суюк бөлүкчөлөрдүн калкып, чаңгыттап турушун) жасоого аракет кылганбыз.

Албетте, Гонконг дүйнөдөгү абдан ачык жана эл аралык шаардын бири болуп саналгандыктан, партия  алдын ала текшербей туруп, Гонконгдо биологиялык агентти колдонуу өтө эле опурталдуу деп чечти.

Биринчиден, биз Синьцзян провинциясындагы «ислам радикалдарын» чогултуп, «тарбиялоо лагерине» жибердик. Биз бул лагерди мурунтан эле адамдарга эксперимент жасоо максатында колдончубуз, бирок Гонконгдогу абал биздин иш аркеттерди эки эсе күчөтүүгө түрткү болду.

Биз Альфа эксперименттик агенттигинен чыккан вирусту туткундарга жугуздук. Вирус жытсыз жана көзгө көрүнбөгөндүгү үчүн туткундагылар медэкспертке катышып жаткандарын билишкен жок. 

Лагер өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкандыктан онкологиялык ооруларды, өз убагынан эрте акылдан ажыроону, суициддик депрессияны жана ички органдарга керектүү заттардын жетишсиздигинген улам келип чыгуучу өлүмдүн жогорку деңгээлин жеңилдетүүгө болот.

"Бета" агенттиги өткөргөн алгачкы эксперименттерден кийин, ооруну жугузгандар Хубэй провинциясына жеткирилип, Ухань шаарынын сыртында жайгашкан, атайын аскерий сынак борборуна жөнөтүлгөн. Бул кылдат жашырылган сыр деле эмес болчу,   обьект тууралуу жада калса, эл аралык жаңылыктарда айтылган. Ал эле эмес, эпидемиянын очогу жапайы жаныбарлар сатылган базардан анча алыс эмес жерде жайгашканы белгилүү факт болуп жатпайбы.

Буга чейин  биздин төрага берилгендик менен эмес, контрреволюциялык жана буржуазиялык элементтерди аныктай турчу  "социалдык кредит" системасын киргизген.   

Онлайн-активдүүлүктөн алынган социалдык кредиттик баллдарды колдонуу, электрондук дүкөндөрдүн жүрүм- турумун көзөмөлдөө, жарандык коомдогу маалымат берүүчүлөрдүн отчетунан улам биз эң коркунучтуу кылмышкелерди тандап алдык.

Алардын арасында адвокаттар, адам укуктарын коргогон активисттер, сүрөтчүлөр, чет тилде сүйлөгөндөр жана башка кереги жоктор да бар болчу. Ал мыйзам бузуучулар бир жерге чогултулуп, эксперттик борборго жайгаштылырган соң, аларды табиятынан биохимиялык касиетке ээ, көзгө көрүнбөгөн аэрозол аркылуу таралуучу эпидемиялык вирустун таасирине дуушар кылдык.

Эң алгачкы эксперименттер биз үчүн "жакшы" жыйынтыктарды берип жатты. Акыл-эстин азаюусу, жогорку психикалык процесстердин төмөндөөсүн байкадык, негизи биздин максат Гонконгдогу митингге чыккан жарандарды тынчтандыруу болчу.

Тилекке каршы, бул заттын башка да эффекттери бар экени билинди. Аларда параноидалдык шизофрения байкалып, адамдардын денеси өтө тездик менен бузулуп жатты. Биздин агенттин кереги жок экендигин түшүндүк, бул биздин максат үчүн өтө эле кооптуу жана коркунучтуу эле.

Албетте, бул учурда биздин досторубуз Америкалыктар биздин жумушубузга кызыкдар болуп, өзүлөрүнүн изилдөөсү үчүн  үлгүнү сурашты. Алар муну Венесуэладагы кыйынчылыктарды чечүү максатында колдонушаарын  түшүндүрүштү. Биз Борбордук чалгындоо башкаруусу менен достук мамилебизди эске алып, берип коёт элек, бирок бул өтө кооптуу курал болгондугу үчүн,   баш тарттык. Ал куралды  билген АКШнын Борбордук чалгындоо башкаруусу (ЦРУ) биздин бир кызматкерден көп суммадагы акчага сатып алууга аракет кылышкан. Ага ал макул болгон. Биз бул тууралуу дал ошол аттуу менен коштолгон   теле берүү убагында көрүп калдык.

Бирок андан да маанилүүсү кызматкер качып кетти. Азыр бизге белгилүү болгон коронавирус жаныбардан адамга жуккан, жапайы жаныбарлар сатылган базарда болгон. АКШнын Борбордук чалгындоо башкаруу кызматы ушул жерден флаконду биздин саткын кызматкерден алмак, тилекке каршы ал флаконду сындырып алган!

Доктор Ли Вэньлянь жалган коронавирус диагнозун коюуга макул болбогон бир нече дарыгерлердин бири болчу.  Жаза катары аны массалык көрүстөнгө өлүктөрдү ташууга жардам берүү үчүн жиберишкен. Аны ошол жактан оору жугузуп алып, өлөт дешкен, бирок, ал өлгөн жок. Силер ал коронавирустан каза болду деп окусаңар керек, бул жалган.

Чындыгында элдик куралдуу полициянын сержанты ага героин менен сымаптын аралашмасын берип салган, анын жыйынтыгында өпкөсү көөп кеткен. Ушул окуядан кийин күмөн санап, туура эмес кылып жатамбы деп, бийликке деген ишеним жоголуп, аялыма болгон окуяны билдирсем, ал эң алгач балабызды ойлошум керектигин жана бийик даражада турган жумушчу катары бизге көп жеңилдик каралып жатканын, жетекчиликке билдирсем үй- бүлөбүзгө коркунуч жаралаарын айтып, ооз ачпашымды суранды.

Дал ушул убакта коронавирус токойду каптаган өрт сымал Хубэй провинциясына, анын сыртына да  толук тарап, 10 миллиондогон адамга жугуп жаткан. Мен адамзат тарыхында болуп көрбөгөн жаап-жашырылган  бир сырдын бөлүгү болуп жатам: жакында Хубэй гигант моргго айланып, чындык ачыкка чыгат.

Кытайдын Ухань шаарында Huoshenshan Hospital деп аталган оорукана ачылганда менин жашоомдогу чоң бурулуш болду. Партия дагы калп айтты. Силер алты күндө курулган оорукана тууралуу уксанар керек. Бирок ал оорукана эмес болчу, имараттын чыныгы табияты жашыруун болчу.

Алгач мен партия эл камын ойлоп жатат деп ишенгем.  Андан соң өкмөт мени Huoshenshan Hospitalге жиберди. Дал ошол жактан мен чындыкты көрдүм. Ал жакка аскердик полиция кызматкери Капрал Мэн (аты өзгөртүлдү) менен бардым. Албетте, кире  бериш жагындагы палаталар кадимки ооруканадай эле көрүнөт жана ал жакта башталгыч стадиядагы  миңдеген бейтаптар жатат. Андан ары узун ак  коридор менен кете берип, жүздөгөн ооруган Ухандын жашоочуларын көрдүм. Алардын кыйкырыктары, үндөрү азыркыга чейин кулагымдан кетпей жатат. Бирок, анда жаңы башталган эле.  Акырында Капрал мени андан ары ортоңку  бөлүгүнө алып барды фронттогу жашоочулар бул жерди билишпейт экен. Дал ушул жерде эпидемиясы өнүккөн бейтаптар психиатриялык оорукананы көбүрөөк эске салат.

Оорукананын жарыгы араңдан зорго күйгөн бөлүмүнө кирээр менен кусундунун, адам калдыктарынын жытынан көңүл айланды. Бул жакта бактысыз, байкуш   адамдар жүрүшөт. Алар акырыныда өздөрүн жоготушат экен. Бул жакта дарыгер аттуу да жок болчу,  болгону аскердик полициянын кайсыл бир жашыруун бөлүмүнө  тиешелүү маймыл өңдүү   кара кийимчен адамдар бар болчу.     

Алар бейтаптарды жырткычтык менен уруп-согуп, келтек (дубинка) менен сабап, аяп да коюшкан жок. Мен согуштук чалгындоонун мүчөсү болсом да, менден айбыгып да коюшпады. Тескерисинче, алар мени өзүлөрүнүн катарына чакырышты. Ооба, алар мени өзүлөрүнүн катарындагы адам катары көрдү. Чындыгында ошондой эле...

Ал жакта дагы бир эшик бар, анда Капрал  ядро деп атаган нерсе жатчу, ал жакта биринин үстүнө бири үйүлгөн өлүктөрдү көрдүм. Балдар эркектер, аялдар, байлар, кедейлер, сулуулар, түрү сууктар баары бар болчу.

Өлүктөрдүн үйүндүлөрүнүн ортосунда жалгыз аяк жол бар. Ал аркылуу байкуш бейтаптарды келтек менен кароолчулардын  урганына карабай,  ортоңку бөлүмдөн  караңгы жакка өлүктөрдү көтөрүп алып барышчу. Бул окцуяга көпкө чейин түшүнбөй жаттым.  Көрсө, алар өлүктөрдү чоң мешке ыргытышат экен.

Үйгө келген соң менин аппаратыма толтура билдирүү келиптир. Жаңылыктар өтө жагымсыз. Мамлекеттин юридикалык жана экономикалык комиссиясы бүткүл Кытай боюнча Huoshenshan Hospital сыяктуу госпиталь куруу үчүн каражат бөлүптүр. Вирус Кытайга эле эмес, башка өлкөлөргө да тарады, бактыга жараша алар менен биздин келишим болгондуктан, алар да коронавирусту жашырышууда. Албетте, бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да бизге жардам берди.

Алар коронавирустун ДНКсын изилдеп чыктык деп ар түрдүү жалган маалымат таратышты. Бул нерсенин бардыгы дүйнөлүк дүрбөлөңдүн алдын алууга мүмкүнчүлүк берди.

Ошондой эле,  биз жогорку чиндеги адамдарды коргоого алууга өттүк. Эсиңерде болсо, дүйнөлүк жаңылыктардан көрсөңөр коронавирус пайда болгондон кийин бир жума өткөн соң, биздин президент  Си Цзиньпин жок болуп кеткенин байкоого болот. Андан кийин аны Камбоджинин лидери менен  жолукканда көрдүк. Бул биздин президент өзү эмес, ага окшош адам болчу.

Төрага өзү болсо, Пекиндеги партиянын  штаб квартисынын Чжуннаньхаемдеги бункерде жашырынган болчу.  Жалгыз гана төрага эмес, башка чиновниктер да өздөрүнө окшош адамдарды колдонушкан. Ким эле өз өмүрүн тобокелге салгысы келсин!? Мага баары түшүнүктүү болду, биздин аракеттерибиз эми алсыз. Кандай гана тыюу салуу, өжөр журналисттерди, активисттерди өлтүрүү бир аз убакыт Ухандагы абалды жаап-жашырууга жардам берди.  Бирок дүйнөгө тараган соң анын пайдасы жок. Белгилүү болгондой жөнөкөй бет кап куткара албайт, атайын гана хирургиялык бет кап керек. Анткен менен хирургиялык  жөнөкөй адам үчүн жеткиликтүү эмес.

Ошондуктан, менин бир гана сунушум, кеңешим бар. Жакын адамдарыңардын жанында болуп, аларга сезимиңерди айткыла, кучактагыла.

Аялыма бул документти интернетке чыгараардан мурун ага көрсөтөм деп сөз бердим.

Жакында эле менин балам да бул оору менин ооруп калганын билдик. Көрсө, мени бет кап менен камсыздап турган аскер полициясы балама мөөнөтү өтүп кеткен, мурун колдонулган  беп капты берип койгон экен. Себеби, менин баламдын аларга бир тыйындай да кереги жок болчу.

Мен балама болгон чындыкты айттым. Ал “айыгып кетемби?” деп сурады. Мен жок деп жооп бердим. Экинчи жолу сураганда да айыга албастыгын айттым. Себеби, биз балабыз менен бири-бирибизге калп айтпайбыз деп сүйлөшкөнбүз. 

Мага азыр баары бир. Мейли келишсин.

Эмне кылышса өздөрү билишсин!

Эми мага баары бир!”,-деп  Кытай аскердик чалгындоосунун жогорку даражадагы офицери  билдирүүсүн жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости